ЛЕССИРОВКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛЕССИРОВКА (немисче Базхегеп) - живописте ко­лоритти күчөтүү максатында майдын кургаган катмарынын үстүнө тунук же күңүртүрөөк боёк­торду жука сүртүү ыкмасы; оптикалык орун которуу законуна ылайык живопистин деталы­на түстүк оңдоолорду кылдат киргизүү менен түс­түн шайкештигине жана өзгөчө жеңилдигине жетишүү. Реалисттик живопись үчүн Л-нын маа­ниси чоң жана 19-к-дын аягына чейин өткөн за­мандын бардык көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн (орус жана чет элдик) эң маанилүү техникалык каражаты бол­гон. Техниканын ушул түрүнүн жардамы менен реалисттик живописте кээ бир кубулуштар сү­рөттөлөт (мисалы, И. К. Айвазовскийдин карти­насында күн желесинин көрүнүшү).