ЛЕССИНГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЕССИНГ (Ьезз1п§) Готхольд Эфраим (22. 1. 1729, Саксония Каменц - 15. 2. 1781, Врауншвейг) - немис драматургу, искусство теоретиги, Агартуу доорундагы адабий сынчы, немис классикалык адабиятын негиздөөчү. Билимди Лейпциг (1746-48), Виттенберг (1748) университеттеринен алган. Германияда феодализмди жоюп, өлкөнү саясий жактан бириктирип, демокр. улут маданиятын түзүү үчүн күрөшкөн. Демокр. улуттук маданият үчүн күрөштү Германияны саясий жактан жаңылоонун каражаты деп эсептеп, биринчи «мещандык» немис драмасы «Мисс Сара Сампсон» (1755) жана агартуучул «Минна фон Барнхельм» (1767) комедиясын жараткан. Реалисттик искусство жөнүндөгү теориялык көз караштарын «Лаокоон же живопись менен поэзиянын чеги жөнүндө» (1759-65), «Гамбург драматургиясы» (1767-69) деген эмгектеринде баяндаган. «Эмилия Галотти» (1772) трагедиясында феод. зомбулукту айыптап, «Акылман Натан» (1779) драмасында диний ишенимди урматтоону жана гумандуулукту жактайт. Агартуу реализминин эстетикалык принциптерин жана Германиядагы философиялык материалисттик салттарды кубаттаган. Л-дин өзүнөн кийинки немис адабиятына тийгизген таасири зор.