ЛЕПЕШЙНСКАЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЕПЕШЙНСКАЯ Ольга Владимировна [15 (28). 9. 1916, Киев - 20. 12. 2008, Москва] - орус совет бийчиси, педагог, СССРдин эл арт. (1951).
Москва хореогр. окуу жайын бүткөн. 1933- 63-ж. Чоң театрдын балет труппасынын артисти. Л. Лиза (Гертель, «Курулай сактык»), Маша, Аврора (П. Чайковский, «Щелкунчик»; «Уйкудагы сулуу»), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот»), Золушка (С. Прокофьев, «Золушка»), Тао Хоа (Р. Глиэр, «Кызгалдак») ж. б. каармандардын партияларын аткарган. Драмалык таланты,
өзгөчө темпераменти, виртуоздуу техникасы менен классикалык бийдин таасирдүүлүгүн арттырган. Л. драмалык, ошондой эле комедиялык партияларды да мыкты аткарган: Жанна (Б. Асафьев, «Парижжалыны»), Мирандолина (Василенко, «Мирандолина») Сванильда (Л. Делиб, «Копелия») ж. б. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында атайын бригадалардын катарында майдандагы жоокерлерге концерт берген. 1963-жылдан окутуучу, педагог жана репетитор болуп Италия, Германия, Швеция ж. б. өлкөлөрдө иштеген. Бир нече жолу Кыргызстанга гастролго келген. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1941, 1946, 1947, 1950). Үч орден жана медалдар менен сыйланган. 1991- жылдан Россия хореогр. ассоциациясынын президенти болуп иштеген.
Ад: Илупина А. 0. В. Лепешинская//Мастера Большого театра. М., 1976; Солодовников А. В. 0. Лепешинская. М., 1983.
