ЛЕГИРЛЕНГЕН БОЛОТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕГИРЛЕНГЕН БОЛОТ - технол. касиетин жакшыртуу үчүн курамына легирлөөчү элементтер кошулган болот. Легирлөөчү элементтер балкып, эриген болотко ферроэритме же лигатура түрүндө киргизилет. Алардын жалпы саны 2,5% болсо, начары 2,5тен 10%ке чейин, орточосу ж-а 10%тен жогоркусу жакшы легирленген деп эсептелет. Хром, никель, молибден, вольфрам, ванадий, марганец, титан - өтө кеңири колдонулган легирлөөчү элементтер. Легирлөөчү 2, 3 ж-а андан көп элементтер ар кандай катышта ж-а өлчөмдө кошулат. Ошого жараша Л. б. хромдуу, хром-никелдүү, хром-никель-молибдендүү, хром-никель-вольфрамдуу ж. б., пайдаланылышына жараша констр. болот, аспаптык болот ж-а өзгөчө касиеттүү (электр-тех., дат баспоочу, ысыкка чыдамдуу ж. б.) болот деп айырмаланат, к. Легирлөө.