ЛЕВИРАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛЕВИРАТ (лат. 1еухг - күйөөнүн агасы же иниси) - жесирди кайнисине же кайнагасына, кээде өлгөн күйөөсүнүн жакын туугандарынын бирине алып берүү нике салты. Бул салт уруучулук коомдо пайда болуп, Кавказ ж-а Ж. Чыгыш элдеринде кеңири тараган. Топ никенин калдыгы же полиандрия катары Л. уруучулук коом бузулуу доорунда ж-а таптык коомдо көпкө сакталган. Л-тын бул доорлордо сакталышына калың төлөө (калың төлөнгөн аял аны төлөгөн уруунун же үй-бүлөнүн менчиги деп эсептелген) себеп болгон. Мурда кыргыздарда жесирдин бойдок кайни, кайнагалары жок болсо, үй-жайлуу туугандарынын бирине токол катары нике кыйган.