ЛЕБЕДЙНОВКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕБЕДЙНОВКА - Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак, райондун адм. борбору. Лебединовка айыл аймагына караштуу. Бишкек - Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 760 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек ш-на батышынан туташат. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1891-ж. негизделген. Калкы 20 709 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, клуб бар. Учук оорулар диспансери, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, Аламүдүн тери өндүрүш бирикмеси, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары А. Я. Семёнистова ж-а А. Т. Бочкарёва туулган.