ЛАКТАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАКТАЦИЯ (лат. 1ас1о - сүт м-н тамактандырам) - сут эмуүчулөрдун ж-а адамдын сүт пайда кылуу, топтоо ж-а бөлүп чыгаруу процесси. Л. жаныбарда төлдөгөндөн, аялда төрөттөн кийин башталат. Ал маммогенез (эмчек безинин жетилүүсү), лактогенез (сүттүн пайда болушу ж-а бөлүнүп чыгышы) стадияларынан турат. Маммогенез бойго бүткөндөн 2-3 айдан кийин башталат. Анда бездин сут жаратуучу клеткалары көбөйөт, эмчектин үрпү чоңоёт. Лактогенез учурунда альвеолалардын эпителий клеткаларында сүт пайда болот. Сүттүн курамындагы белок амин к-таларынан, лактоза глюкозадан, май кандагы май к-таларынан синтезделет. Л. татаал нейрогумордук процесс. Аны жөнгө салууда гипоталамус ж-а гипофиздин мааниси чоң. Бала эмизген энеде Л. жакшы болуш үчүн алардын тамагында орто эсеп м-н суткасына 110-130 г белок, 100-130 г май, 450-500 г углевод болуп, туура тамактануу, 1,5-2 лче сут ж-а сүт азыктарын көбүрөөк пайдалануу зарыл. Л. аялдын дене түзүлүшунун өзгөчөлүгүнө, нерв системасынын туруктуулугуна, мүнөзунө, төрөттөн кийинки ден соолугуна, туура тамактануусуна ж. б. байланыштуу болот. Кээ бир энелердин эмчегинен төрөттөн кийин сүт чыкпайт (агалактия), айрымдарынан сүт аз чыгат (гипогалактия), кээ бир аялдар сүттүү болот (гиперлактия). Агалактия сейрек учурайт, ал негизинен эмчек безинин жетилбей калышынан, эндокриндик, кээде психикалык бузулуулардан болот. Г и п о г алактияга эмчек безинин, үрпүнүн жакшы өспөгөндүгү, сүт пайда болууга катышкан гормондордун жетишсиздиги, түрдүү оорулар (кант диабети, мастит, рак, нефрит ж. б.) түрткү болот. Жаныбарларда Л. тууттан кийин көбөйүп, акырындап азая баштайт. Малдын сүттүүлүгү анын породасына, түрүнө, тоюттандырылышына ж. б. шарттарга байланыштуу. Мастит, өзүнөн-өзү ийүу ж-а таш эмчек, кара желин болуу Л-нын бузулушуна алып келет.