ЛЕКСИКОГ-РАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛЕКСИКОГ-РАФИЯ (лексика ж-а ...графия) - тил илиминин бир бөлүгү. Тилдин сөздүк курамын же лексикасын изилдейт. Изилдөө процессинде тилдин сөздүк курамынын мыйзам ченемдерин карайт, сөздөрдүн стилдик классификациясын, сөздөрдү адабий тил нормасында ылгоонун жол­дорун, профессионализм, диалектизм, архаизм, неологизм, туруктуу сөз айкаштарын (к. Идио­матика, Фразеология) нормага салуу сыяктуу маселелерди иштеп чыгат. Коомдук-саясий ж-а ил.-тех. терминология Л-нын өзүнчө бир бөлү­гүндө изилденет. Л. м-н семасиология, этимоло­гия, сөз жасоо ж-а стилистика, лексикография тыгыз байланыштуу. Теор. лексикография 20- к-дын экинчи жарымында калыптанган. Сөз­дүктөрдүн биринчи ил. типологиясын Л. В. Щер­ба түзгөн. Л. тил илиминин бардык бөлүгү, ай­рыкча лексикология м-н тыгыз байланышта.

Ац.: Юнусалиев Б. М. Киргизская лексикология. Ф., 1959; Орузбаева Б. Адабий тилдин жалпы элдик негизи жөнүндө. Ф., 1968.