ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ (лат. 1е£1Пти8 - мыйзам­дуу, укуктуу) - бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу процесси, б. а. саясатта кандай­дыр бир аракетти, окуяны же кызмат адамы­нын ишин коомго мыйзамдаштырып таанытуу. Л. юрид. функцияга ээ эмес ж-а укуктук про­цесс болуп саналбайт. Л. жүргүзүлүп жаткан сая­сатты, бийликти бекемдейт, саясий чечимдер­ди актайт. Саясатта Л. анын бардык фактор­лоруна: бийликке, методдоруна, документтерге ж. б-га таралат. М. Вебер Л-нү төмөнкүчө клас­сификациялайт: 1) с а л т т ы к Л. (нарк-нус­кага, каада-салтка таянуу); 2) харизмалык Л. (жеке адамга сыйынуу); 3) рацион ал­д у у Л. (легалдуу мыйзамдарга таянуу). Л. бийликтин да, коомдук көзөмөлдүн да саясий куралы.