ЛЕГИРЛӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛЕГИРЛӨӨ (нем. 1е§1егеп - эритүү) - металл куйманы белгилүү физ., хим. же мех. касиетке келтирүү үчүн курамына легирлөөчү элементтерди (көбүнчө никель, хром, кобальт ж. б.) кошуу. Л. байыркы заманда эле колдонулган. Россия­да 19-к-дын 30-жылдары Златоуст з-дунда ле­гирленген болотту эритип алуу теориясын ж-а технологиясын П. П. Аносов иштеп чык­кан. Л-дөн өткөн металл куймалары таза ме­таллдан бир кыйла айырмалуу касиеттерге ээ. Л. жолу м-н даярдалган куйманын кристалл­дык структурасы ж-а айрым (электрдик, маг­ниттик, жылуулук) касиеттери түрдүү кошул­ма элементтердин атомдорунун өз ара аракет­тенүү тибине жараша болот. Л-чү элементтер кошулганда куйманын кандайдыр бир абалдан экинчисине өтүү темп-расы өзгөрөт, катуу эрит­мелердин ажыроо ылдамдыгы төмөндөйт. Куй­маны Л. үчүн легирлөөчү ж-а легирленүүчү эле­менттер эритилип кошулат.