ЛЕБЁДКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛЕБЁДКА - ар кандай жүктү аркан, чынжыр, зымдын жардамы м-н ары-бери, өйдө-төмөн жылдыруучу машина. Тартуу күчү кыймыл өткөрүүчү механизм ж-а айланып туруучу барабан аркылуу берилет. Тиштүү, бурама, фрикция, тасма түрүндөгү кыймыл берүүчүлөр пайдаланылат. Кол же атайын кыймылдаткычтар (электр, ичинен күйүүчү, буу ж. б.) аркылуу ишке киргизилет. Жүктөө, түшүрүү, кураштыруу, оңдоо, курулуш ж-а ремонттоо иштеринде, жер казуучу машиналарда, жүк көтөрүүчү крандарда, асма жолдордо, бургулоо скважиналарында колдонулат.