ЛАТЫШТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАТЫШТАР, латвиеши (өздөрүн латвиеши деп аташат) - эл, Латвиянын негизги калкы. Россия (18,9 миң, 2002), АКШ (87, 6 миң, 2000), Канада (27,9 миң, 2006), Улуу Британия (30 миң, 2006),

Австралия (18,9 миң, 2001), Ирландияда (14 миң, 2006) да жашашат. Жалпы саны 1,6 млн киши, а. и. 1,3 млну Латвияда (2011). Латыш тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - протестанттар ж-а католиктер. Л-дын ата-бабалары б. з. ч. 3-2-миң жылдыкта Латвия аймагын мекендеген балт уруулары (латгал, сел, земгал ж-а куршей ж. б.) болгон. О. эле алардын курамына балтика-финн боюндагы уруулар - ливдердин тукумдары кирген. 10-12-к-да Л-дын алгачкы мамл. түзүлүшү - Талава, Ерсика ж-а Кокнесе княздыктары пайда болгон. 12-к-дын аягында Л. немистерге, 16-к-да Литва улуу княздыгына, 18-к-дын аягында Россия империясына караган. Этностук биригүүнүн натыйжасында латыш эли түзүлүп, 19-к-да улут катары калыптанган. 1940-ж. Л. СССРдин курамына кирип, 1991-ж. Көз каранды эместик ж-дө декларация кабыл алган. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук. Аялдар негизинен туника сымал узун ак көйнөк, чакмак бел көйнөк - юбка (кээде сарафан) кийип, башына жибек жоолук салынып, ак түстүү чачылуу жамынма жамынат. Кыздар башына шуру бастырылган кызыл түстүү топу, келиндер саймаланган кеп такыя (чепец) кийишет. Эркектер узун күрмө, шым, көйнөк,
башына шляпа (майрам күндөрү кара же боз түстүү) кийип, белине кур курчанат. Улуттук тамакашы негизинен дан (негизинен буурчак), сүт, эт азыктарынан даярдалат. Кара буудай, арпадан тартылган пиво, зараң ж-а кайың ширеси улуттук суусундук катары колдонулат. Салттуу майрамдары - Рождество, Жаны жыл, Пасха, Иванов күнү ж. б.
Ш. Керимова.