ЛАТЫН ЖАЗУУСУ —: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАТЫН ЖАЗУУСУ — Рим шаарынын кичинекей бир Лациум деген аймагында жашагандардын гана жазуусу катары колдонулган. Б. з. ч. 753-ж. негизделген. Латын тилинин негизинде 23 тамгадан турат. Л. ж-нун өнүгүшү ж-а бирдиктүү алфавиттик система катары кеңири белгилүү болуп элге тарай башташы 16-к-да кагаздын пайда болушу ж-а китеп басып чыгаруунун жолго коюлушу м-н шартталган. Л. ж-нун алфавити о. кылымда улуттар аралык карым-катнаштын каражаты катары Европа, Азия, Африка континенттериндеги өлкөлөргө да тараган. Көп элдердин жазуусу ушул алфавиттин негизинде жаралып, Л. ж. ал элдердин жазуусу үчүн үлгү катары пайдаланылат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө Л. ж. пайдаланылат (2010). 1927-41-ж. кыргыздар да латын алфавитин колдонгон.