ЛАПЛАС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАПЛАС Пьер Симонде (23. 3. 1749, Нормандия, Бомон-ан-Ож - 5. 3. 1827, Париж) - фр. астроном, математик ж-а физик. Петербург ИАнын (1802) ардактуу, Париж ИАнын (1785), Франция ИАнын (1816) мүчөсү. 1790-жылдан чен ж-а салмак палатасынын председатели. Л-тын ил. эмгектери асман механикасы, математика ж-а матем. физика маселелерине арналган. Алгебрадагы кошумча минорлордун көбөйтүндүлөрүнүн суммасынын аныктагычын туюнтуу ж-дөгү теорема Л-ка тиешелүү.. Л-тын фундаменталдык эмгектери дифференциалдык теңдемелерге, шардык функцияларга арналган. Ыктымалдыктар теориясына зор салым киргизген. Л-тын классикалык эмгеги «Аналитикалык ыктымалдыктар теориясы» көзү тирүү кезинде үч жолу (1812, 1814, 1820) басылган. Л. капилляр теориясы ж-дөгү эмгегин жазган, ал теория Л-тын ысмы м-н аталган. Л. астрономияда асман механикасынын Күн системасындагы бардык нерселердин кыймылын Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде далилдеп түшүндүргөн (к. Лаплас оператору, Лаплас өзгөртүусу).
Ад.: Воронцов-Велъяминов Б. А. Лаплас. 2-е изд. М., 1985.