ЛАНДШАФТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАНДШАФТ (нем. Ьапй - жер, зсЬай - өз ара байланыш), географиялык ландш а ф т - географиянын фундаменталдуу түшүнүктүрүнүн бири: бирдей шартта пайда болуп, геогр. компоненттери (рельеф, климат, топурак-өсүмдүктөрү ж. б.) окшош болгон Жер бетинин бөлүгү; аны түзгөн морфол. бирдиктердин (фация, урочище) мыйзам ченемдуү айкалышы. Бул терминдин 1-ил. аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Андан соң 20- к-дын 30-40-ж. Л. Г. Раменский, В. Б. Сочава ж. б. орус окумуштуулары өөрчүткөн. Термин илимге киргенден көп түрдүү өзгөрүп, негизинен, табигый аймактык комплекстин синоними, морфол. ж-а функциялык өзгөчөлүктөрү окшош табигый участкалардын (тайга ландшафты, талаа ландшафты, шаар ландшафты ж. б.) жалпылыгы же пейзаж катары кеңири колдонулуп келет. Табигый л-тардын терең өзгөрүүсү маданий ж-а антропогендик ландшафттын калыптануусуна алып келген.