ЛАНДАУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАНДАУ Лев Давыдович (9. 1.1908, Баку — 1. 4. 1968, Москва) - орус физик-теоретиги, СССР ИАнын академиги (1946), Соц. Эмг. Баатыры (1954), көптөгөн дүйнөлүк (АКШ, Франция ж. б.) ИАнын мүчөсү.

Ленинград ун-тин 1927-ж. аяктаган. 1932-ж. Украина физ.-тех. ин-тунун теор. бөлүмүн жетектеген. 1937-жылдан СССР ИАнын Физ. проблемалар ин-тунда иштеген. ММУнун (1947), Москва физика-техника ин-тунун (1947-50) проф. Физиканын көп тармактары б-ча ил. изилдөө жүргүзүп, металлдардын электрондук диамагнетизм теориясын, антиферромагнетизм теориясын, экинчи түрдөгү фазалык өтүштөрдүн жалпы теориясын, суюк гелийдин өтө агуучулук теориясын, орус физик-теоретиги В. Л. Гинзбург м-н өтө өткөрүмдүүлүктүн жарым феноменол. теориясын түзгөн. Кванттык электр-динамикасынын, ферми-суюктук теориясынын үстүндө иштеген. Теор. физика курсун жарыялаган (Е. М. Лифшиц м-н бирдикте). РФ ИАнын Теор. физика ин-туна Л-нун ысмы берилген. Ленин сыйл. (1962), СССР мамл. сыйл. (1946, 1949, 1953) ж-а Нобель сыйл. лауреаты (1962).