ЛАМИНАРДЫК АГЫМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАМИНАРДЫК АГЫМ (лат. 1аш1па - пластинка, жол-жол) - катмарланып бир тартипке келтирилген суюктук же газ агымы. Л. а. илээшкек эмес суюктуктарда же кичине ылдамдыктарда, о. эле кичине өлчөмдүү нерселерди суюктук каптап, жай агып өтүптүндө пайда болот. Л. а. ичке (капиллярдык) түтүктөрдө, подшипниктердеги майларда, суюктукту (газды) айланып өтүүдө четки катмарда байкалат. Суюктуктун ылдамдыгы көбөйгөндө кандайдыр бир моменттен баштап, Л. а. турбуленттик агымга өтөт. Ал»учурда суюктуктун бардык касиеттери, айрыкча агымдын структурасы, ылдамдыктын профили^ каршылык закону өзгөрөт. Суюктуктун агымынын режими Рейнольдс саны 2?е м-н мүнөздөлөт. 7?е мааниси кризис /?е((р чегинен кичине болсо, суюктуктун Л. а-ы жүрөт. Эгерде 7?е>7?екр болсо, турбуленттик агым пайда болот. Ее( р мааниси каралуучу агымдын түрүнө көз каранды. Цилиндр түрүндөгү түтүктөрдө /?екр=2300 (эгерде кесилиш б-ча орт. ылдамдык мүнөздүү ылдамдык, ал эми түтүктүн диаметри мүнөздүү өлчөм деп эсептелсе) болот. 7?екр<2300 кезинде мындай түтүктө Л. а. жүрөт. Түтук б-ча илээшкек суюктуктардын Л. а-ы Пуазейль закону м-н аныкталат.