ЛАКОЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАКОЛ (моңголчо ула, ола - тоо; түрк ж-а моң­гол тилдеринде кол - суу; тоо суусу) - Нарын р-нундагы кыштак. Кара-Кужур айыл аймагы­на караштуу. Кара-Кужур өрөөнүндө, деңиз деңг. 2640 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Нарын ш-нан 121 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 131 км. Калкы 1001 (2012); негизинен мал багат. Орто мектеп, ки­тепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу ж-а соода жайлары иштейт.