ЛАДОГА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАДОГА (байыркы аты — Н е в о) — Европадагы тузсуз ири көл. Россиянын европ. бөлүгүнүн түн.-батышында, Карелия м-н Ленинград обл-нда жайгашкан. Аянты 17,9 миң км2, аралдары м-н 18,3 миң км2. Уз. 219 км, орт. жазылыгы 84 км. Тереңдиги 51 м, эң терең жери 230 м. Суусунун көлөмү 838 ± 2,4 клг3. Жээк сызыгынын
уз. 1570 км. Чанагы мөңгүнүн аракетинен ж-а тектон. кыймылдан пайда болгон. Түн. жээги көбүнчө бийик, аскалуу (фьорд, шхерлер), түштүгү жапыз, бир аз тилмеленген. ббОтай аралы бар, ирилери: Рискалансари, Мантсинсари, Валаам аралдары. Волхов, Свирь, Вуокса д. куюп, Нева д. агып чыгат. Шамалдын таасиринен деңгээлинин кескин өзгөрүп туруусу ж-а сейше кубулуштары, шторм шамалы мүнөздүү. Суусунун үстүнкү бетинин орт. темп-расы августта 16°С чамасында, эң жогору темп-расы 25°Ска чейин; түбүнө жакын катмарында кышында 2-2,5°С, жайында 4-5°С. Декабрь-февралда тонуп, март—апрелде ачылат. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Волга-Балтика ж-а Ак деңиз-Балтика суу жолу системасына кирет. Жээгинде Приозёрск, Петрокрепость, Жаны Ладога, Сортавала ш. жайгашкан. Көл аркылуу 9-12-к-да түндүгү Русту, түштүгү Скандинавия, Балтика боюн Византия м-н байланьпптырган «варягдардан гректерге» соода жолу өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта муз үстү м-н Ленинградга азык-түлүк ж-а курал-жабдык ташылган.
Ад.: Биологические ресурсы Ладожского озера. Л., 1968; Современное состояние экосистемы Ладожского озера. Л. 1987; Ладожское озеро. Прошлое, настоящее, будущее. СПб., 2002.