ЛАГУНА ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАГУНА ЧӨКМӨЛӨРҮ - лагуналарда пайда болгон чөкмө тектер. Негизинен майда бүртүктүү кумдуктардан, алевролит м-н чоподон турат. Кээде чополуу карбонаттар, таш туз, гипс, көмүр кездешет. Булар өтө жука катмарчаларды пай­да кылат. Байыркы доорлордогу жаныбарлар­дын ташка айланган калдыктарынын жоктугу же кээ бир белгилүү түрлөрүнүн молдугу м-н айырмаланат. Мындай аймак геол. кесиндиде тоо тектердин тез ж-а кескин алмашуусу м-н мүнөздөлөт. Бул көрүнүш континент ж-а деңиз шарттарынын бат-бат өзгөрүп туруусуна байла­ныштуу. Л. ч-нөн таш туз, гипс, ангидрит, кө­мүр кендери орун алат.