ЛЕЗГИНДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛЕЗГИНДЕР (өздөрүн лезги, лезгияр дешет) - РФтеги эл; Чыгыш Кавказдагы лезгиндер тобундагы калк. Негизинен Дагстандын түштүгүндө,

Азербайжандын түн.-чыгышында ж-а Россияда (411, 5 миң), о. эле Казакстан, Түркмөнстан,
Өзбекстан, Кырг-н, Украина, Грузия
ж-а Түркияда да жашашат. Жалпы саны 640 миң киши (2009), МП| а. и. 336, 7 мини Дагстанда (2002). Лезгин, азербайжан ж-а орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман-сунниттер, шииттер да бар. Дагстандын
жерг. калкынын бири. Л-дин
ата-теги Кавказ Албаниясы,
кийин Лакз (Лекх) саясий
бирикмесине, Араб халифатына ж-а Дербент ээлигинин курамына кирген. 11-14-к-да Л-дин автономиялык бирикмеси (айыл жамааты) пайда болгон. 18-к-да Л-дин бир бөлүгү Куба ж-а Дербент хандыктарынын, 19-к-дын башында Россиянын курамына кирген. 20-к-дын башында өзүнчө эл болуп калыптанган. Л. дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык м-н кесиптенип, ө. ж-да иштешет. Салттуу тамак-ашы - дан, эт, сүт азыктары.