ЛЕВИТАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛЕВИТАН Исаак Ильич [18(30). 8. 1860, Литва, Вилкавишский р-ну, Кибартай ш. - 22. 7(4. 8). 1900, Москва) - орус пейзажчы-живописчи. 1873-85-ж. Москва живопись, скульптура ж-а арх-ра окуу жайында окуган. 1891-ж. көчмө сүрөтчүлөр шериктештигине, 1897-ж. «Мюнхен Сецессион» көркөм сүрөт бирикмесине мүчө. Крымда (1886, 1889), Финляндияда (1896), Италияда ж-а Францияда (1890, 1894) иштеген. Л. плэнер живописинен таасирленип, натурадан тартууну үйрөнгөн. 1880-жылдан табият
м-н атм-нын назик дүйнөсүн кең мааниде ачууга, образды эмоциялуу берүүгө («Сокольники. Күздүн күнү», 1879) умтулган. Пейзаж - чыглыгындагы негизги теманын бири; «Волга кечи» (1888), «Сайроон. Жамгырдан кийин» (1889) ж. б. Интонациялык түзүлүшү жагынан «Кечкижылаажын», «Көк ирим жээкте» (1892) аттуу чыгармалары А. П. Чеховдун лирикалык прозасына үндөш. 1880-90-жылдардагы «Кайың токою», «Март» аттуу сүрөттөрүндө импрессионизмдин таасирлери байкалат. Белгилүү эмгектери: «Волга. Керимсел» (1891-95), «Алтын күз» (1895), «Күүгүм. Чөмөлө» (1899), Третьяков галереясында. Акыркы эмгеги - «Орус жери. Көл» (1900) - сүрөтчүнүн ата журтунун эпикалык арым м-н иштелген монументтүу символу. Л-дын сүрөт тартуу дүйнө таанымы орус пейзаждык живописинин өнүгүшүндө өзүнчө мектепти түзүп, кийинки муундун пейзажчы-сүрөтчүлөрүнө зор таасир тийгизген.
Ад.: Федоров-Давыдов А. А И. И. Левитан. Жизнь и творчество. М., 1976; Турков А. М. И. И. Левитан. М., 2001.
