БАСЫМ МЕНЕН ИШТЕТҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
29 март 2024, саат 11:02 учурдагы нуска
БАСЫМ МЕНЕН ИШТЕТҮҮ – машина тетиктерин ж-а металл буюмдарды сомдоо же штамптоо жолу м-н даярдоо. Көбүнчө самолёт, автомашина, тепловоздун тетиктери сомдоо ж-а штамптоо м-н жасалат. Тетиктерди даярдоодо түрдүү өлчөмдөгү барскан м-н штамптар кеӊири пайдаланылып, темирчилик-штамптоо өндүрүшүндө даярдалат. Машина м-н сомдоодо чоӊ басым астында иштөөчү 100 кгдан 10000 тга чейинки барскан, гидравликалык пресстер колдонулат. Тетиктерди сериялык ж-а массалык түрдө иштеп чыгаруучу өндүрүштө ысык ж-а муздак штамптоо кеӊири жүргүзүлөт. Штамптоо процессинде негизги аспап – штамп, ал аспаптык болоттон жасалат. Штамптоо иштери сомдоочу машинада ж-а ысык штамптоочу прессте жүргүзүлөт.