ЛАТЕРИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАТЕРИТ (лат. 1а1ег - кыш, кирпич) - ысык, нымдуу климаттык шартта
алюмосиликаттардын физ.-хим. жол м-н талкаланышынан пайда болгон кызыл түстүү эллювий тектери. Чопо сыяктанып бек, нык, катуу келип, негизинен каолинит, темир кычкылы, гиббсит, титандын кош кычкылы, магнетит ж-а галлуазиттен турат. Башка тектерден курамында сульфаттар, карбонаттар, гидрослюдалар, туздар, монтмориллонит тобундагы минералдар болбогондугу м-н айырмаланат. Жылдык орт. жаан-чачыны 1300-2000 жлгден ашык, темп-расы 20-30°Стан жогору болгон тропиктик ж-а субтропиктик алкактарда пайда болот. Мындай шартта жер бети тез ысып, талкалануу процесси катуу жүрөт. Натыйжада кыртыштагы орг. заттар тез ж-а толугу м-н кычкылданат. Курамындагы кремнезём (81О2) м-н негиздер (Ыа, К, Са, М§) бөлүнүп чыгып, А1, Ре, Т1 кычкылдары топтоло берет. Л. жер шарынын тропиктик алкактарындагы платолордо, дөңсөөлөрдө кездешет. Калыңдыктары бир нече ладен 50 лгге чейин жетет. Геол. пайда болуу мезгили юрадан баштап, азыркы күнгө чейин созулат. Украина, Казакстан, Сибирь, Урал, О. Азияда чөкмө ж-а шиленди түрдө орун алган түрлөрү жолугат. Алар м-н бирге алюминий, темир, марганец, никель кенташтары, бокситтин ири кендери кездешет. Индияда курулуш үчүн кыш даярдалат.
Ад.: Латериты/Сб. ст. М., 1964; Фридланд В. М. Почвы и коры выветривания влажных тропиков. М., 1964.