ЛАТЕКСТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАТЕКСТЕР - полимерлердин суудагы дисперсиялары. Табигый Л. - каучук өсүмдүктөрүнүн (бразилия гевеясынын) сүт сымал ширеси. Анын курамында 34—37% каучук, 52—60% суу, бир аз белок, кант ж-а минерал заттары болот. Табигый Л-дин курамы дарактын жашына, климаттык шартка, жыл мезгилине ж. б. шарттарга байланыштуу. Анын бетинде адсорбцияланган беттик активдүү заттар болот да, Л-ди коагуляциядан сактайт. Табигый Л. табигый каучук алууда ж-а резина буюмдарын даярдоодо колдонулат. Синтездик Л. - эмульсиялык полимерлөөдөн пайда болгон синтездик каучуктардын суудагы дисперсиялары. Булардан башка синтездик Л-ге поливинилацетат, поливинилхлорид сыяктуу пластиктердин дисперсиялары да кирет. Синтездик Л. - коллоиддик система. Алардын агрегаттык туруктуулугу эмульгаторлордун молекуласы же иону м-н байланыштуу болот, полимер материалдарынын ичинен колдонушу б-ча синтездик Л. биринчи орунда турат. Резина буюмдарын, сууга аралашуучу боёкторду, тери иштетүүдө, кагаздарды каптоодо, курулушта, полиграфия, хим. ө. ж. ишканаларында желим катары колдонулат.