ЛАТВИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||

ЛАТВИЯ, Латвия РеспубликасыЧыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Эстония, чыгышынан Россия, түш.-чыгышынан Беларуссия, түштүгүнөн Литва м-н чектешет. Балтика деңизи ж-а анын Рига булуңу м-н чулганат. Аянты 64,6 миң кмг. Калкы 2,26 млн (2009). Борбору - Рига. Расмий тили - латыш тили. Акча бирдиги - лат. Төрт тарыхый облусту[[File:ЛАТВИЯ_1.png|thumb]]

(регионду) камтыйт: Видземе (мурдагы Ливониянын түш. бөлүгү, Лифляндия), Земгале (Земгалия, Семигалия), Курземе (Курляндия, Курония), Латгале (Латгалия). Адм.-айм. жактан 109 крайга ж-а респ-га баш ийген 9 шаарга бөлүнөт (2007-жылдын 1-июлунан).

Л. - БУУнун (1991), Европа коопсуздугу ж-а кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо ж-а өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика өлкөлөрүнүн кеңешинин (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода. уюмунун (1999), Европа Советинин (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Л. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1922-ж. 15-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик респ. Мамлекет башчысы - президент, аны парламент 4 жылга шайлайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (сейм). Пропорциялык система (партиялык тизме) м-н 4 жылга шайланып, 100 депутаттан турат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген министрлер кабинети ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Элдик партия, «Жаңы мезгил», «Латвиялык жол»,

«Мекенге ж-а эркиндикке», «Адам укуктары ж-а бирдиктүү Латвия үчүн» ж. б.

Табияты. Л. Чыгыш Европа түздүгүнүн түн.- батыш бөлүгүндө жайгашкан. Жээк сызыгынын уз. 500 клгдей. Жээги негизинен түздүктүү, дюна, пляждуу, начар тилмеленген, кургактыкка Рига булуңу гана кирип турат. Булуң Курземе (Курск) ж. а. ж-а Моонзунд архипелагы аркылуу деңиз мейкиндигинен бөлүнүп турат. Л-нын азыркы рельефи акыркы муз каптоонун мөңгүсүнүн чегинишинен калыптанган. Ага жайпак же күдүрлүү түздүктөр м-н дөбө-дөңсөөлөрдүн кезектешип жатышы мүнөздүү. Балтика деңизин жээктей жазылыгы 2-3 км болгон (айрым жерлеринде 50 кмте жеткен) түздүк созулуп жатат. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө Курземе дөңсөөсү (бийикт. 182 мге чейин) жайгашкан. Байыркы муздуктун аракетинен пайда болгон өрөөндөр мүнөздүү, алардын эң тереңи аркылуу - Абава д. агат. Борб. абалды Видземе дөңсөөсү (эң бийик жери 311 м, Гайзинькалнс чокусу - Л-нын эң бийик жери), чыгышын Латгале дөңсөөсү (289 м) ээлейт. Курземе ж-а Видземе дөңсөөлөрүнүн аралыгында морена дөбөлүү Ортонку Латвия, түндүгүндө камдуу, друмлиндүү Түн. Латвия ойдундары, Видземе, Латгале дөңсөөлөрүнүн аралыгында саздуу жайык Чыгыш Латвия ойдуңу жайгашкан.

Л-нын аймагы Чыгыш Европа платформасынын Орус плитасынын түн.-батыш чет-жакасынан орун алган. Батышы Балтика синеклизасында, чыгышы Латвия кайкысында, түндүгү Балтика калканынын капталында жатат. Платформанын фундаменти түндүгүндө 400-600 м, түш.-батышында 1800 м терендикте. Чым көңгө бай, о. эле гипс, курулуш доломити, акиташ теги, айнек ж-а формага түшүрүлчү кум, бардык жеринде чопо, кум-шагыл кендери бар. Акак, дары баткак, минералдуу суулары м-н да белгилүү.

Л. мелүүн, деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат. Июлдун орт. темп-расы 16-18°С, январдыкы Балтика деңизинин жээгинде -2°С, чыгышында -7°С. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм. Эң күнөстүү ж-а кургакчыл айы - май. Өтө булуттуулук мүнөздүү (жылына 150-180 күн бүркөк болот). Уз. 10 км- ден ашкан, жалпы уз. 38 миң клгге жеткен 777 дарыясы бар. Алардын бардыгы Балтика деңизинин алабына кирет. Ирилери: Даугава, Лиелупе, Вента, Гауя. Көлдөрү негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон; ирилери: Лубанас, Разнас, Буртниеку, Усмас, Лиепаяс. Ар бир адамдын суу м-н жылдык камсыз болуусу 14,5 миң .м3. Суу ресурстарынын 0,8-0,9%и жыл сайын чарбалык муктаждыкка пайдаланылат; анын 13%и а. ч-на, 55% и коммуналдык-тиричилик ишканаларына, 32%и ө. ж-на кетет.

Кыртышынын негизин чымдак-күл топурактары түзөт; кеңири таралгандары: чымдак-карбонаттуу, чымдак-глейлүү, оёңчо жерлери - саз топурактуу. А. ч. жеринин 70% ке жакыны ашыкча нымдуу. Л-нын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зоначасында жайгашкан. Токой өлкөнүн 38% аймагын ээлейт, анын 67% и ийне (кызыл карагай, карагай), 33% и жазы- (кайың, байтерек, ольха) жалбырактуу токой. Токойдун ири массивдери Курземе ж. а-нда, Даугаванын жээктеринде, өлкөнүн түн.-чыгышында жайгашкан. Шалбаа өлкөнүн аймагынын 7,5% ин, саз 4,8% ин ээлейт. Өлкөдө жалпысынан экол. кырдаал негизинен канааттандыраарлык. Ага атмосферага кошулган булганьгч заттардын азайышы (1990-жылдан 58,2% ке төмөндөгөн), ө. ж. ишканаларынын азайышы, табиятка болгон таасирдин төмөндөшү, тазалоочу курулмалардын технологиясынын жаңыланышы өбөлгө түздү.

[[File:ЛАТВИЯ_2.jpg|thumb|ЛАТВИЯ]]

Коргоого алынган аймак Л-нын аянтынын 11% ин ээлеп, 3 улуттук паркты (Гауя, Кемери,

[[File:ЛАТВИЯ_3.jpg|thumb|Слитере улуттук паркы.]]

Слитере), 5 табият коругун (Грини, Крусткалны, Морицсала, Тейчи, Энгурес көлү), 22 табият паркын, 211 корукчаны (ихтиол., куну, аңчылык), 1 биосфералык резерватты, 91 бак-даракпарк иск-во объектисин, эл аралык маанидеги 6 суу-саздуу жерди камтыйт.

Калкы. Өлкөдө латыштар 59,3% (1989-жылкы эл каттоо б-ча 52,5%), орустар 27,8% (34,0%), беларустар 3,6%, украиндер 2,5% , поляктар 2,4%, литвалыктар 1,3%, еврейлер 0,4%. Төрөлүүнүн азайышынан (2008-ж. 1000 адамга 10,6 бала; 1991-ж. 1000 адамга 13,0 бала) ж-а өлүм-житимдин бир аз өсүүсунөн (2008-ж. 13,7, 1991-ж. 13,1 адам) калктын табигый өсүүсү бир аз басаңдады. 1960-90-жылдары СССРдин башка респ-ларынан келгендер Л-нын калкынын жылдык өсүүсүнүн жарымына жакынын түзгөн (миграция сальдосу 1960-ж. 1000 тургунга9,2 адам, 1985-ж. 4,7 адам). 1990-2000-ж. иммигранттардын ичинен АКШ, Канада, Австралия, Швециядан келген этностук латыштар басымдуулук кылган. Өмүрдүн орт. узактыгы эркектердики 66,7, аялдардыкы 77,4 жаш. Калктын орт. жыштыгы: 1 клг2жерге 35,0 адам туура келет. Шаар калкы 68% (2009). Ири шаарлары: Рига, Даугавпилс, Лиепая, Елгава, Юрмала, Вентспилс, Резекне, Валмиера, Екабпилс. Өлкөнүн экономикасында калктын 1,12 млну эмгектенет (2009), анын 63%тен ашыгы тейлөө чөйрөсүнө, 29% ке жакыны ө. ж. м-н курулушка, 8%и а. ч-на туура келет. Л-нын калкынын 22,7%и католиктер, 20,3%и протестанттар, 16%тен ашыгы православныйлар.

Тарыхы. Л. аймагында адамдардын пайда

болушу ж-дөгү байыркы археол. маалыматтар мезолит дооруна (б. з. ч. 9-4-миң жылдык) таандык. 9-к-да Л. аймагын балт уруулары (латгал, сел, земгал, куршей ж. б.), о. эле финнугор топтору - ливдер, скандинавдар ж-а славян уруулары мекендеп, мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишкен. 10-к-да Л-да феод. мамилелер чыңдалган. Соода м-н кол өнөрчүлүк өнүгүп, православие дини тараган. Межотне, Тервете, Ерсика, Кулдига, Лудза ш. соода ж-а кол өнөрчүлүк борборлоруна айланган. 12-13-к-да Л-нын алгачкы мамл. түзүлүшү - Талава, Ерсика ж-а Кокнесе княздыктары пайда болгон. 12-к-дын 2-жарымында Түн. Германиядан көпөстөр, католик миссионерлери келип, Икшкилге Рим-католик чиркөөсүн уюштурган. 1202-ж. Кылыччандар ордени түзүлүп, Түн. Германиядан келген кресттүүлөр м-н бирге Чыгыш Прибалтика аймактарын каратып, католик динин киргизген. 13-к-дын 30-жылдары латыштар м-н литвалыктар Кылыччандар орденинин жоокерлерине бир нече жолу сокку урушуп, 1236-ж. Саулдун алдындагы (азыркы Шяуляй) салгылашта Кылыччандар ордени талкаланган. 1237-ж. Кылыччандар орденинин калдыгы Тевтон ордени м-н биригип, Балтика боюнда Ливон орденин түзгөндөн кийин немис феодалдары басып алган. Л. аймагы 13-к-дын 2-жарымынан 1561-жылга чейин Ливон орденинин курамында калган. Ливон согушундагы (1558-83) орус аскерлеринин ийгиликтери немистердин Ливон орденинин кулашына (1561) алып келген. 1562-ж. ригалык архиепископтордун аймактары Задвин герцогуна, Ливон орденинин жерлери Курляндия герцогуна кошулган. 1600-292Ж. Полыпа м-н Швециянын ортосундагы согуштун натыйжасында Л-нын Задвин герцогдугу (түн. бөлүгү) Рига м-н кошо Швецияга өткөн. 17-к-дын 2-жарымынан Л-га орустар отурукташа баштаган. Түндүк согушунда (1700-21) орус аскерлери Риганы ж-а Видземди басып алган. 18-к-дын аягында Л-нын бүт аймагы Россияга кошулган. Л-нын деңиз жээгинде жайгашуусу анын Россиянын базары м-н тыгыз байланышын чыңдап, экономикасын өркүндөтүүгө оңтойлуу шарт түзгөн. 19-к-дын ортосунда ө. ж. төңкөрүшү болуп, Л-да капитализм өнүгө баштаган. 1860-ж. Петербург-Варшава т. ж. линиясында биринчи т. ж. салынып, Л. м-н Россиянын ортосундагы ө. ж. ж-а а. ч. чөйрөсүндөгү байланышты бекемдеген. Рига Л-нын негизги ө. ж. ж-а соода борбору болуп, ө. ж. өндүрүшүнүн 70% и жайгашкан. Л. аймагындагы ө. ж-дын өнүгүшүнө Россиядан тышкары германиялык капитал да негизги ролду ойногон. 1850-60-жылдары шаардык ж-а айылдык буржуазиянын кызыкчылыктарын коргогон Жаш латыштардын улуттук либералдык кыймылы түзүлгөн. Анын өкүлдөрү К. Вальдемар, К. Биезбардис, Ю. Алунан, К. Барон ж. б. крепостнойлук укукту жоюу, Россияга экон. ж-а саясий жактан багыт алуу ж. б. маселелерди көтөрүшкөн. Прибалтика провинцияларында социал-демократтардын таасири күчтүү болгон. 1904-ж. Латыш социал-демокр. жумушчу партиясы түзүлүп, РСДРПге кошулган. Л-нын жумушчулары 1905-07-жылдардагы рев-яга активдүү катышкан.

1-дүйнөлук согуш (1914-18) мезгилинде Л. аймагын германиялык аскерлер басып алып, көптөгөн райондорун талкалаган. Натыйжада Курляндия м-н Лифляндиядан 800 миң киши, 395 ө. ж. ишканалары Россиянын ички аймактарына көчүрүлгөн. 1915-16-ж. россиялык армиянын курамында улуттук Латыш аскер бөлүкчөлөрү түзүлүп, Прибалтикадагы согушка активдүү катышкан. 1917-жылдагы Февраль рев-ясында Л-да кош бийлик орногон. Рев-ялык кыймылды күч м-н басууга мүмкүн болбогондуктан, генерал Л. Г. Корнилов башында турган Убактылуу өкмөттүн аскерлери 1917-ж. 21- августта Риганы немис аскерлерине өткөрүп берген. Петроградда Октябрь рев-ясы жеңгенден кийин (1917) Л-нын немистер басып албаган аймактарында Совет бийлиги орноп, помещиктик жерлерди конфискациялоо, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү ж. б. ж-дө мыйзамдар кабыл алынган. 1918-ж. февралда немистер Л-ны бүтүндөй басып алып, бардык рев-ялык кайра түзүүлөрдү жойгон. 18-ноябрда Антантанын колдоосу м-н К. Ульманис башында турган Л-нын убактылуу улуттук өкмөтү уюшулуп, көз каранды эмес Л. респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган. Буга жооп катары 1918-ж. 17-декабрда П. И. Стручка жетектеген Убактылуу совет өкмөтү түзүлүп, Л-дагы бардык бийликти советке өткөрүп берүү ж-дө жарыя кылган. 1918-ж. 22-декабрда РСФСР ЭКС Сов. Л-ны көз карандысыз деп тааныган. 1919-ж. январдын аягында Л-нын дээрлик бүт аймагы баскынчылардан бошотулган. 1919-ж. январда Ригада Советтер-

[[File:ЛАТВИЯ_4.jpg|thumb|Латвия Республикасынын СССРдин курамына кабыл алынышына байланыштуу Ригадагы майрам. 1940-ж., 6-август.]]

дин Бүткүл Л-лык 1-съезди болуп, Л. Соц. Сов. Респ. (ЛССР) деп жарыяланган. 1920-ж. Ригада РСФСР м-н Л-нын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлуп, РСФСР алгачкылардан болуп Латвия Респ-н өз алдынча мамлекет деп тааныган. Келишимдин негизинде россия-латвиялык чек ара аныкталган. 1922-ж. Улуттар Лигасына кабыл алынган. 1922-ж. 15-февралда Конституциясы кабыл алынып, Л. демокр. респ. деп жарыяланган.

1929-33-ж. дүйнөлүк экон. кризистин шарттарында Л-да ички саясий абал курчуган. Ө. ж. өнүгүшү токтоп, жумушсуздардын саны өскөн. 1934-ж. премьер-министр К. Ульманис аскер бөлүктөрүнө таянып, мамл. төңкөрүш жасаган (1936-ж. ал президенттик орунду ээлеген), өлкөгө аскердик абал киргизилген (1938-ж. чейин сакталган). К. Ульманис конституцияны жоюп, бардык саясий партияларга тыюу салып, спорттук ж-а маданий коомдорду, жумушчу ж-а профсоюз уюмдарын талкалаган. Улуттук мектептерди жаап, латгалдарды толугу м-н ассимиляциялоо курсу жүргүзүлгөн. Бийликтин саясаты элдин нааразычылыгын күчөткөн. 1939-ж. ЛКП м-н Л. Соц. жумушчу-дыйкан партиясы Бирдиктүү элдик фронтко биригип, К. Ульманисттин авторитардык режимине каршы күрөшкөн. 1930-жылдары Л. м-н СССР, Литва, Эстония ж. б. мамлекеттердин ортосунда достук ж-а кызматташтык ж-дөгү келишимине кол коюлган. 1940-ж. 21-июлда СССРдин күчү м-н К. Ульманистин өкмөтү отставкага кеткен. 1940-ж. 21- июлда элдик сейм Л-да совет бийлигин калыбына келтирүү ж-дө чечим кабыл алып, Л. Соц. Сов. Респ. (ЛССР) деп жарыяланган. 1940-ж. 5-августта ЛССР СССРдин курамына кирген. Улуу Ата Мекендик согуш (1941-45) убагында 1941-ж. германиялык аскерлер Л-га кол салып, 1-июлда Риганы, 8-июлда бардык аймагын басып алган. Оккупациялык бийлик 1941-ж. 18- 19-августта Л-нын бардык мамл. ишканаларын ж-а жерлерин германиялык мамлекеттин менчиги деп эсептеп, немис тилин мамл. тил деп жарыялаган. Латыштардын айрымдары Совет бийлигине каршы чыгып, германиялык күчтөргө кошулса, экинчилери фашисттик күчтөргө каршы партизандык топторду уюштурган.

[[File:ЛАТВИЯ_5.jpg|thumb|Латвия акчасы - лат.]][[File:ЛАТВИЯ_6.jpg|thumb|Shape 207]]

1945-ж. Л. германиялык баскынчылардан толук бошотулган. Согуш Л-нын экономикасына терс таасирин тийгизип, демогр. абалын начарлаткан. Согуштан кийин сов. элдердин жардамы м-н Л-нын экономикасы калыбына келтирилген.

1950-80-жылдарда Л. ири экон. ийгиликтерге жетишкен. 1970-жылдары латыштар м-н орустардын ортосунда улутчулдук карама-каршылыктар пайдаболуп, 1987-ж. оппозициянын нааразычылык акциялары башталган. ММКда сталиндик репрессиялар сындалып, латыштардын депортацияланышы ж. б. маселелер ачык айтыла баштаган.

1988-ж. 10-июлда Ригада Л. улуттук көз карандысыздыгы үчүн кыймыл (лидери Э. Берклав) негизделген, анын максаты 1918-жылдагы Л. Респ-нын үлгүсүн калыбына келтирүү болгон. 1988-ж. 9-октябрда Л-нын эгемендүүлүгүн ж-а латыш элинин руханий кайра жаралуусун калыптандыруу үчүн Л. элдик фронту (төрагасы Д. Иванс, уюмдун 90% ин латыштар түзгөн) түзүлгөн. 1989-ж. Мамл. эгемендүүлүк ж-дө декларация кабыл алынып, латыш тилине мамл. тил статусу берилген. 1990-ж. 15-февралдамамл. символдору - желек, герб ж-а гимни кабыл алынган. 1991-ж. 21-августта Л-нын көз карандысыздыгы жарыяланып, аны РСФСР, ЕСке мүчө болгон өлкөлөр, СССР тааныган. 1991- жылдан ЕККУга, БУУгамүчө. 1993-ж. улуттук валюта - лат киргизилген.

Чарбасы. ИДПнин көлөмү 38,9 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 17,3 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгуүсүнүн индекси 0,866 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 48-орунда). ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүпгү 74,3%, ө. ж. м-н курулуштуку 22,6%, айыл ж-а балык чарбаларыныкы 3,1%. Эркин экон. зоналары уюшулган, алар: Рига, Вентспилс эркин порттору, Лиепая, Резекне атайын экон. зоналары.

Тамак-аш, жыгач иштетүү, химия-фармацевтика, о. эле экспортко багытталган жеңил ө. ж. өнүккөн. Отун ресурстары (чым көңдөн башка) дээрлик жокко эсе; рапстан биоотун өндүрөт. Отун-энергетика ресурстарын (а. и. табигый газ, нефть ж-а күйүүчү-майлоочу материалдарды) бүт

Россиядан алат. 2008-ж. 3,2 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал электр энергияга болгон ички муктаждыктын жарымынан ашыгын камсыз кылат. Электр энергиясынын У2инен ашыгы ГЭСтен [Даугава д-ндагы ГЭС каскады: Плявиньск (кубаттуулугу 825 миң кВт-с), Рига (385 миң кВт-с), Кегумс (68 кВт-с)], калганы ЖЭСтен өндүрүлөт. Шамалдан энергия алуучу курулмалары да бар. Лиепая металлургия з-ду импорттук чоюндан ж-а металл сыныктарынан болот ж-а прокат даярдайт; машина куруу ө. ж. мурда электр поездин, электрж-а радиотех. продукцияларын чыгарса, алар кескин кыскарып, азыр Рига кеме куруу, Даугавпилс туташтыргыч чынжыр ж-а Резекне электр аспап з-ддору, Ригадагы байланыш техникаларын ж-а каражаттарын, электр жабдууларын чыгаруучу ишканалар иштейт. Химия ө. ж-нын башкы ишканасы - «ПгшЪагз» парфюмерия-косметика ф-касы (Рига). Башка ө. ж. ишканалары: дары-дармек өндүрүүчү ж-а таңуучу (Рига, Олайне), айнек-була з-ддору (Валмиера), курулуш материалдары ишканалары (цемент, темир-бетон, кыш, карапа тактасы, черепица), жыгач иштетүү (жыгач даярдоодон даяр продукцияларды - фанера, кагаз, эмерек ж. б. чыгарууга чейин). Жеңил ө. ж. продукциясынын 80% ке жакыны (кездеме, кийим, бут кийим) экспортко чыгарылат. Тамак-аш ө. ж. негизинен сүт, эт, балыкты кайра иштетүүгө адистешкен. Алкоголь ичимдиктерин (а. и. «Рига бальзамы»), пиво чыгаруу илгертен өнүккөн; о. эле шире, лимонад, минералдуу суу, кондитер продуктулары даярдалат.

А. ч-га жарактуу жери 2,4 млн га (2007), анын 73%иайдоо, 17%ижайыт, 9%ичабынды, 1%и бак-дарак ж-а огород. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк агр. продукциянын 57,9% ин камсыз кылат. Негизги а. ч. өсүмдуктөрү: буудай, арпа. Тех. өсүмдүктөрдөн рапстын мааниси зор, о. эле картөшкө, жашылча, гүл өстүрүлөт. Мал чарбасынын негизги тармактары - сүт багытындагы мал ж-а чочко чарбалары. Балык уулоо өнүккөн (2008-ж. 156,9 миң гбалык кармалган). Токой чарбасы өнүгүүдө (токой Л-нын аймагынын 60% ке жакын аянтын ээлейт); жыгач ресурсунун жалпы көлөму 546 млн м3.

Тейлөө чөйрөсү - өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүп жаткан сектору. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: транспорттук тейлөө, банк-финансы иштери, телекоммуникация сектору. Л-да туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар бар, алар - маданий-таанып билүү (арх-ратарыхый эстеликтер көп), спорттук-ден соолукту чыңдоочу ж-а рекреациялык (Рига булуңунун жээгиндеги курорттук зонадагы дары баткактар, минералдуу суулар; Латгаленин рекреациялык потенциалы зор) объектилер. 20-к-дын 2- жарымында рекреациялык ж-а курорттук ири

чарба түзүлгөн (эң белгилүү курорттору: Балдоне, Кемери, Лиепая, Цесис).

Л-нын аймагы аркылуу Россия ж. б. КМШ өлкөлөрүн Батыш Европа өлкөлөрү м-н байланыштырган транзиттик транспорт коридору өтөт. Т. ж-нун уз. 2230 км, анын 257 тсми электрлештирилген. Автомобиль жолунуку 69,7 миң км~, Л-нын маанилүү автомобиль магистралы - эл аралык «У1а ВаШка» (Варшава - Каунас - Рига - Таллин) трассасынын бир бөлүгү. Куур транспорту өнүккөн. Газ куурунун уз. 1237 км, нефть куурунун 82 км, нефть продукту кууру 417 км. Сырткы соода ж-а транзиттик жүктөрдүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту аркылуу ташылат. Деңиз соода флоту 22 кемени камтыйт; 118 кемеси башка өлкөлөрдүн желеги м-н жүрөт. Он деңиз порту бар, алардын эң маанилүүлөрү: Рига, Вентспилс, Лиепая, о. эле 7 чакан порту иштейт. Ички суу жолунун уз. 300 км-, Лиелупе, Даугава, Вента д. аркылуу кеме жүрөт. Рига м-н Юрмаланы байланыштыРУУчу (Лиелупе д. ж-а Рига булуңу аркылуу) жүргүнчү ташуучу туруктуу кеме катнашы бар. Эл аралык аэропорттору - Рига м-н Лиепаяда.

Экспортко жыгач ж-а андан жасалган продукцияларын (сомо жыгач, таарынды материалдарын, фанера, картон, кагаз), текстиль, металлургия, машина куруу ө. ж. продукцияларын, о. эле азык түлүк чыгарып, сырттан машина ж-а жабдууларды, нефть ж-а анын продуктуларын, химия, металлургия ө. ж. продукцияларын, транспорт каражаттарын ж. б. алат. Сырткы соодасынын жалпы көлөмүнүн 75% ке жакыны Европа союзуна, 15%тен ашыгы КМШ өлкөлөрүнө туура келет (2008). Эң ири соода шериктештери: Литва, Эстония, Россия, Германия, о. эле Полыпа, Швеция, Дания, Финляндия, Улуу Британия.

Билим берүүсү. «Билим берүүжөнүндө» (1998), «Илимий ишмердик жөнүндө» (2012) ж. б. мыйзамдар аркылуу жөнгө салынат. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик ж-а жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 99,8% ти түзөт (2008). Ири ЖОЖдору Рига ш-нда жайгашкан. 472 ил. мекеме, 864 китепкана, 127 музей иштейт (2008).

Массалык-маалымат каражаттары. «ЬаГуцав үе81пез18», «Птепа», «К1£аз Ва183», «БаШцаз Ау1зе» ж. б. гезиттери латыш тилинде, «Телеграф», «Вести сегодня», «Деловые вести», «Наука и жизнь», «Вести» ж. б. гезиттери орус тилинде чыгат. Радиоуктуруу 1925-жылдан, телекөрсөтүү 1954-жылдан иштейт, 4 мамл., 20 мамл. эмес радиостанция, мамл. эки телеканал (БТУ-1, БТУ-7) ж-а бир нече менчик телеканалдар, о. эле «БЕТА» улуттук маалымат агенттиги бар.

Адабияты. Латыш ад-ты негизинен латыш тилинде өнүгүүдө. Латыш тилиндеги алгачкы

жазма тексттер (16-к.) диний китептердин котормолору болгон. Реформация ж-а Контрреформация латыш тилиндеги (1525-ж.; латыш тилиндеги сакталып калган биринчи китеп - немис иезуити Петр Канизийдин католиктик катехизиси, 1585) китеп басып чыгаруунун жайылышына түрткү болгон. Биринчи басмакана Ригада 1588-ж. негизделген. Латыш диний прозасынын негиздөөчүсү деп латыш барокко ад-тынын эстелиги - «Латыш үгүттөрүнүн көп күттүргөн жыйнагынын» (1654) автору, о. э. биринчи немис-латыш сөздүгүнүн («Ье11ив1пп» 1638) түзүүчүсү немец Г. Манцель эсептелет. Акындар Я. Руген м-н А. Ливенталдын, жазуучулар Э. Динсбергис м-н А. Лейтандын чыглыгы 19-к-дын 1-жарымындагы ад-тта көрүнүктүү орунга ээ болгон. Улуттук драматургиянын калыптанышы актёр, режиссёр ж-а драматург А. Алунандын чыг-лыгы («Олдоксон», 1869 «Челекчи м-н челекчи аял», 1872; «Жон Нейланд», 1881, комедиялары) м-н байланыштуу. 19-20-к-дын аралыгында латыш ад-т таануусу: ад-т теориясы, сыны ж-а тарыхы (М. Вольтер, Т. Зейферт, В. Плудонис, Я. Янсон-Браун ) пайда болот. 1950-60-жылдары ад-ка акындар И. Аузиньш, И. Зиедонис, М. Чаклайс; драматургдар X. Гулбис, П. Петерсон, Г. Приеде ж. б. келет. Жанрдык кенен диапазон ж-а турмушту ар кыл деңгээлде символдоштуруу О. Вациетистин поэзиясына мүнөздүү («Алыскы сапар шамалы», 1956; «Дем», 1966 жыйнактары; «Рояль үчүн концерт» поэмасы, 1971 ж. б.). 1970-80- жылдарда Л. ад-тына акындардын жаңы мууну келип кошулат: А. Айзпуриете, У. Берзинып, Ю. Гелдс, М. Залите, Ю. Куннос, М. Мелгалвис, А. Нейбартс, Я. Рокпелнис ж. б. Проза (М. Зариныптын постмодернисттик романдары) ж-а драматургия (П. Путнинып, Я. Юрканс, Л. Стумбре, А. Гейкинс ж. б.) өнүккөн. Эгемендикти калыбына келтирүү үчүн күрөштүн ж-а кайра түзүлгөн Л. Респ-нын алгачкы жылдарында (1980-жылдардын акыры - 1990-жылдардын башы) латыш ад-ты «жаңы прозаны» (П. Банковскис, Я. Веверис, М. Зелменис, А. Колманис ж. б.) издөө аракети м-н белгилүү. 1990- жылдардагы латыш ад-тына латыш эмигрантжазуучуларынын (Л. Берзинып, И. Гребзде, И. Губиня, Г. Заринып, В. Зэпс, А. Иваска, В. Карклинып, В. Краславиетис, К. Лесинып, Р. Мукс, Л. Таунс, Э. Фрейманис, Андрей ж-а Аншлав Эглиттер ж. б.) чыг-лыгы кошулат. 20- к-дын башында аңгеме (М. Апель, П. Апшиникс, Н. Ранцан, К. Строд-Пленциник), адабий жомок (Наайзмиерстуле), роман (В. Луоцс-Вайдеанс «Жашоо күндөрү», 1939), очерк, новелла жанрлары өз ордун ээлейт; драматургия (К. Даугуленин «Өртү», 1912, биринчи латгаль пьесасы; О. Рупайнистин комедиялары) өнүгөт.

Латгаль тилиндеги биринчи ыр жыйнак чыгат - Ю. Паберзанын «Жазүндөрү» (1913). Согуштан кийин латгаль ад-тынын борбору эмиграцияга - Германияга (акын А. Спогис) ж-а АКШга (новеллачы Е. Лелис, драматург А. Рубенис ж. б.) оогон. Заманбап латгаль ад-тынын жаңы багыттары О. Сейкстс м-н В. Лукашевич өңдүү авторлош иштешкен постмодернисттердин чыглыгында («Күнгө кактанган Сэппуку» ырлар жыйнагы, 1995; «Валерьяндын өмүрү ж-а көз караштары» романы, 1996), Л. Рунданенин, Ю. Рыучанстын, И. Тарауданын поэзиясынан орун алган. 20-к-дын 2-жарымында - 21-к-дын башында А. Гаррос, Н. Гуданц, Р. Добровенский, А. Левкин, С. Пичугин ж. б. проза, Л. Азаровы, В. Ермолаева, О. Ленцой, А. Пунтен, Л. Романенко, Д. Сумароков, С. Тимофеев, Л. Черевичник, С. Ханин ж. б. поэзия м-н алектенишкен.

Архитектура жана сүрөт искусствосу. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Л. аймагында бекемделген конуштар (пилскалндар) балт ж-а финн-угор топторуна байланыштуу кооздуктардын түрлөрү пайда болгон. 12-к-дын аягы - 13-к-дын башында жыгачтан православие чиркөөлөрү курулган. 14-к-да европ. роман стилиндеги коргонуу ж-а чиркөө имараттары басымдуулук кылган. О. кылымда көркөм сүрөт иск-восу Батыш Европа иск-восу м-н тыгыз өз ара байланышта таш, жыгач скульптура өнүккөн. Л. шаар арх-расы поляк ж-а нидерлайд зодчийлигинин таасиринде өнүксө, 17-к-дын аягында Польша м-н Түн. Европадан барокконун формалары таралган. Прибалтиканын Россияга кошулушу м-н Л. арх-расынын таасири күчөгөн (Б. Ф. Растрелли). 18- к-да курулуш өнөрүнө рококо стилинин элементтери кире баштаган. 18-к-дын 2-жарымында Л-да классицизм калыптана баштаган. Совет бийлиги орноп, фашисттик баскынчылар куулгандан кийин шаар, кыштактар пландуу түрдө курула баштаган. 1940-жылга чейин эклектикалык кооздоо өнөрү күчөгөн. 1955-жылдан типтүү долбоор б-ча темир-бетон ж-а кыш имараттар сов. неоклассицизм стилинде (Ригадагы Л. ИАнын бийик имараты, арх. О. Тилманс)

[[File:ЛАТВИЯ_7.jpg|thumb|Пасиене кыштагындагы костёл, 1761-77.]]

курула баштаган. 1970-80-жылдарда Ригадагы конгресс үйү (1982, арх. Ю. Гертманис, В. Кадырков), Вентспилстеги «Юрас варты» (1977, арх. В. Вавулс, О. Домбровскис) мад-т үйү курулган. Л. архитекторлорунун долбоорлору м-н Москвада коомдук имараттар (метрополитендин

[[File:ЛАТВИЯ_8.jpg|thumb|Елгавадагы «Петрина академиясы» 1773-75. Архитектор С. Енсен.]]

«Рижская» станциясы, 1958, арх. В. Апситис ж. б.) ж-а турак үйлөр салынган. 13-19-к-да Л-да көркөм сүрөт иск-восу негизинен Батыш Европанын иск-восу м-н эриш-аркак өнүккөн. 13-к-дан адегенде роман, анан готика иск-восунун нугунда таш скульптуралар пайда болгон. Готикадан бароккого өткөн кезде жасалган рельефтерде маньеризм өкүм сүргөн. 1900-10-ж. графика өнүккөн. Жасалга өнөрүнө негиз салган Я. Куга, Ю. Мадерниек эмгектенишкен. Латыш сүрөтчүлөрүнүн көбү Ригадагы сүрөт академиясынан таалим алган. Совет доорунда реалисттик салты улантылган, 1920-30-жылдарда живописте, лирикалык-романтикалык дүйнө таанымга көңүл бурулуп, пейзаж (В. Пурвитис), натюрморт (Л. Свемпс), жанрдык сүрөт (Я. Лиепинып) портрет (Я. Тимбергс) тартуу өнүккөн. Согуштан кийинки турмуш К. Мнесниек,

[[File:ЛАТВИЯ_9.jpg|thumb|Я. Розенталс. Ырчы М. Вигнере-Гринбергдин портрети. 1916. Латвия улуттук көркөм сүрөт музейи. Рига.]]

Г. Элиас, А. Скриде, А. Эгле, П. Упитис, Г. Вилкс ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында чагылдырган. Бир нече скульптуралык монументтер жаралган (Саласпилстеги мемориалдык ансамбль, 1961-67), скульптуралык портрет өнүккөн (Л. Давыдова-Медене, М. Ланге). 20-к-дын аягындагы иск-во жанрынын ар түрдүүлүгү м-н мүнөздөлөт: абстракттык живопись (Э. Илтнерс, О. Аболс), гиперреализм (Я. Осис, Л. Пурмале, А. Станкевиц), сюрреализм (М. Табака), акционизм (И. Блумбергс) багыттарында чыгармалар пайда болгон. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башында Иецавадагы костёл (1997-2007), Даугавпилстеги Ыйык Александр Невский чакан чиркөөсү (1999-2002), Саласпилстеги Ыйык Георгий чиркөөсү (2008-ж. курула башталган) ж. б. имараттар курулган.

Музыкасы. Латыштардын элдик музыкасынын негизги жанрлары - эмгек, мезгилдин салтсанаа, лирика, юмор, бий, ырлар. Элдик муз. аспаптары: кокле (сыбызгы сымал), дига, скрипка, стабуле, тауре, ажаргс (үйлөмө); тридексникс эглите (урма) ж. б. 16-к-дын аягында чиркөө ырлары биринчи ирет нотага түшүрүлгөн. 18- к-да Ригада орган музыкасы кыйла өнүккөн. 1760-ж. Рига муз. коому уюшулуп, ал симф. концерттер берген. 1782-ж. туруктуу опера труппасы бар шаардык немис театры ачылган (анда 1837-39-ж. Р. Вагнер дирижёрлук кылган).

[[File:ЛАТВИЯ_10.jpg|thumb|Ригадагы Дом соборунун органы.]]

19-к-дын 2-жарымында хор музыкасы кеңири тараган. Улуттук композиторлор мектеби хор ж-а орган музыкасынын негизинде түзүлгөн. Я. Витолс, А. Юрьянс, Э. Вигнерс ж. б. алгачкы латыш композиторлору болушкан. 20-к-дын башында муз. мад-ттын өнүгүшүнө А. Калниньш, Э. Мелнгаилис, Э. Дарзинып кыйла таасир тийгизген. Л-нын муз. турмушундагы маанилүү окуя 1917-19-ж. латыш аткычтарынын оркестрлеринин түзүлүшү болгон. 1920-ж. биринчи улуттук опера (А. Калнинып, «Банюта») коюлган. Л. консерваториясы (1919) латыш улуттук музыкасынын өнүгүшү үчүн зор

мааниге ээ болгон. 1940-41-ж. Л. опера ж-а балет театры, 1941-ж. мамл. филармония уюшулган. Муз. чыгармалар, изилдөөлөр «Латыш музыкасы» жыйнагына (1958-жылдан) жарыяланып турат. Л. симф. музыкасына симфониячы композитор Я. Иванов зор салым кошкон. Опера жанрында көптөгөн чыгармалар жаралган: М. Заринып, «Жаңы жээкке» (1955), «Жашыл тегирмен» (1958); А. Скулте, «Каныша кыз Гундега» (1971); И. Калнинып, «Ифигения Авлидада» (1982); Я. Лусенс, «Чымчык операсы» (2000) ж. б.

Театры. Л. алгачкы театр 18-к-дын 2-жарымында пайда болуп, 19-к-да немис ж-а орус театр өнөрүнүн таасиринде өнүккөн. 1930-ж. Ригада ж. б. шаарларда театрлар, Мамл. Куурчак театры (1944) ачылган. 1960-жылдары жаңы муундагы режиссёрлор (А. Яунушанс, А. Я. Шапиро ж. б.), 1990-жылдары постмодернизмге таянган режиссёрлор (Ж. Ж. Жилинжер, Г. Шмите) ж. б. чыккан. 1995-жылдан Рига ж-а Даугавпилсте эл аралык «Ношо Моүиб», 1998-жылдан «Ногпо АНЫ» фестивалдары өткөрүлөт (2 жылда бир жолу).

Балети. Биринчи балеттик труппа 1782-ж. пайда болгон. Артисттер м-н балетмейстерлер чет өлкөдөн чакырылып турган. Улуттук балеттин келип чыгышы 1912-ж. Ригада ачылган «Латыш операсы» театры м-н байланыштуу. 1919-ж. анын базасында опера ж-а балет театры түзүлгөн. Балет труппасын В. Комисарс жетектеген. 1935-ж. биринчи латыш балети Я. Мединыптин «Сүйүүнүн жеңиши» коюлган. 1932- жылдан театрда балет мектеби (1948-жылдан Рига хореография окуу жайы) иштеген. Е. Чанги койгон спектаклдер Л. хореографиясынын алтын фондусунан орун алган. Балет иск-восуна салым кошкон өнөрпоздор: хореографтар - И. Строде, А. Лембергс; артисттер - В. Вильциня, И. Гинтере, И. Каруле, И. Думпе, В. Янсонс ж. б.

Киногу. Л. киносу 1910-ж. башталган. Адеп хроникалык, документ кинофильмдер тартылып, Лиепая ш. ж-дөгү репортажды оператор Э. К. Тиссе тарткан (1913). Эң алгачкы тартылган көркөм фильми «Чындык кайда?» (1913). 1939-ж. В. Лацистин романы б-ча тартылган «Балыкчынын уулу» фильми кино чеберлеринин ири табылгасы болгон. 1940-ж. Ригада көркөм ж-а документ фильмдер киностудиялары уюшулуп, 1948-ж. Рига киностудиясына бириккен. «Каугур көтөрүлүшү» деген биринчи сов. латыш фильми тартылган (1941). 1970-80- жылдарда көптөгөн олуттуу фильмдер пайда болгон: «Оюн», 1981, «Дан куурай талаасы», 1984 - А. Криевс; «Менин үй-бүлөм», 1982 - П. Криловс ж. б. Стрейчтин «Театр» ж-а Бренчтин «Дөбөлөрдөгү узак жол» («Долгая дорога в дюнах», 1980-81, СССРдин мамл. сыйл. 1983),

«Закым» (1983) ж. б. фильмдери СССРде өзгөчө белгилүү болгон. 1990-ж. кино өндүрүшү кескин кыскарса да, Стрейчтин «Адам баласы» (1991) ж-а «Тагдыр тегирмени» (1997); Фрейманистин «Уя» (1995) фильмдери тартылган. 2000- жылдардагы эң жакшы кинофильмдери: В. Кайриштин «Жолдо кетип баратып» (2001), У. Цельманын «Алакандагы патрон» (2002), Ю. Пошкустун «Монотондуулук» (2007). Л-нын кино иск-восунун өнүгүшүнө реж. -

[[File:ЛАТВИЯ_11.jpg|thumb|« Монотондуулук» фильминен кадр. Реж. Ю. Пошкус. 2007.]]

П. Н. Арманд, У. Браун, А. Фреманис, Л. Лейманис,

И. В. Масс, К. Пиесис; актёрлор - В. Артмане, Я. Грантинь, В. Зандбергс, X. Лиепинь, Э. Павулс, Д. Ритенберг, Г. Цилинский ж. б. чоң салым кошушкан.

Ад.: История латышской литературы. Т. 1-2. Рига, 1971; Современная латышская поэзия/Сост. И. Аузинь. Рига, 1984, Т. 1-2; Заповедники Прибалтики и Белоруссии. М., 1989; Манаков А. Г. Население и хозяйство стран Балтии: Эстония, Латвия, Литва. Псков, 1997; Латвия//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010. Э. Кылычев.

[[Категория:5-том,_2-50_бб]] | ||
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАТВИЯ, Латвия РеспубликасыЧыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Эстония, чыгышынан Россия, түш.-чыгышынан Беларуссия, түштүгүнөн Литва м-н чектешет. Балтика деңизи ж-а анын Рига булуңу м-н чулганат. Аянты 64,6 миң кмг. Калкы 2,26 млн (2009). Борбору - Рига. Расмий тили - латыш тили. Акча бирдиги - лат. Төрт тарыхый облусту