ЛАРИНГИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАРИНГИТ (гр. 1угупх — көмөкөй) - көмөкөйдүн былжыр челинин сезгениши. Л-тин катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Л. көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунун сезгенишинде, сасык тумоо, грипп, инфекцияда пайда болот, о. эле кээ бир жугуштуу оорулардын, (кызылча, скарлатина, көк жөтөл) белгиси катары жолугат. Ага организмдин суукка урунушу, ооз аркылуу чандуу же муздак аба м-н дем алуу, катуу сүйлөө, дүүлүктүргүч буу же газдардын таасири, өтө муздак же ысык тамак, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу ж. б. түрткү берет. Мында тамак кычышат, ооз кургайт, кургак жөтөл күчөйт, үн бүтөт. Катуу кармаган Л-тин тез-тез кайталанышы кызыл өңгөчтүн, мурун көңдөйүнүн сезгениши, үнгө ашыкча күч келтирүү, аракечтик ж. б. өнөкөт Л-ке алып келет. Өнөкөт Л-те оорулуунун үнү кырылдап, кээде таптакыр бүтүп калышы ыктымал. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Оорулуу 5—7 күнгө чейин аз сүйлөп, ачуу, өткүр тамак жебей, спирт ичимдиктерин ичпей, тамеки тартпоо керек. Врач сунуштаган дарылар м-н тамакты чайкап, ингаляция, жылытуучу компресс жасоо сунуш кылынат. Алдын алууда мурундун, анын конулдарынын, кызыл өнгөчтүн ооруларын өз убагында дарылор, о. эле денени чындоо, спорт м-н машыгуу чоң мааниге ээ.