ЛАМБЕРТ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАМБЕРТ ЗАКОНУ - жарыкты диффузиялуу таратуучу же чачыратуучу беттин жаркырактыгы (£) бардык багытта бирдей экенин туюндуРУУчу закон. Аны 1760-ж. немис окумуштуусу И. Ламберт ачкан. Л. з. азыркы кезде теор. изилдөөлөр үчүн ылайыктуу жарыктын
идеалдык тарану схемасы катары каралат. Л. з-нун
аныктамасы б-ча М=рЬ, мында жарыктаныш (М) м-н жаркырактыктын (Ь) туруктуу катышы алынган. Л. з. фотометрия ж-а жарык техникасынын жакындатылган эсептөөлөрундө колдонулат. Турмушта кээ бир реалдуу нерселер гана Л. з-нан чыкпай тургандай жарыкты чачыратышат. Аларга: магний кычкылы, кукүрт кычкылдуу барий ж-а гипс м-н капталган беттер; тунук эмес чөйрөлөрдөн - сүттөй ак айнек, кээ бир булуттар; өзү жаркыроочу жарык булактарынан - абс. кара нерсе, күкүм түрүндөгү люминофорлор кирет. Л. з. жарыктын идеалдуу таралуусунун схемасы катары теор. иштерде гана эмес, болжолдуу фотометриялык ж-а жарык тех. эсептөөлөрдө да кенири колдонулат.