ЛАЙЛИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАЙЛИЕВ Жумакан Сулайманович (1928, азьгркы Чүй обл., Чүй р-ну, Дөн-Арык айылы - 24. 7. 2009, Бишкек) - экономист, экономика илимд. доктору (1976), КР УИАнын корр. мүчөсү (1989). КРдин эмг. син. экономисти. К. И. Скрябин атн. КАЧИни

(1950), СССР ИАнын Экономика ин-тунун аспирантурасын (1954) бүтүргөн. 1954-56-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын экономика бөлүмүндө кенже, улук ил. кызматкер, бөлүм башчы. 1956-59-ж. Кыргыз ССР ИАнын Экономика ин-тунун биринчи директору. 1959-62-ж. Тянь-Шань обл-нун Кочкор р-нундагы «Коммунизм» совхозунда директор, 1962-94-ж. кайра Экономика ин-тунда бөлүм башчы, директордун орун басары, 1994-98-ж. Экономика ж-а политология ин-тунун жетекчиси. 1998-жылдан Экономика ин-тунун дирекциясына кенешчи. 200дөй ил. эмгектин, 40тай монографиянын автору. Л-дин ил. эмгектери агр. ө. ж. комплексинин, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу иш-чараларын изилдөөгө арналган.
Эмг.: Айыл-чарба экономикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. Ф., 1963; Жерге экономикалык баа берүү жана айыл-чарба өндүрүшүн пландаштыруу. Ф., 1967; Кыргызстандын айыл-чарба өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуунун жолдору. Ф., 1972.