ЛАЗУРИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы
ЛАЗУРИТ, ляпис лазурь (лат. 1ар15 - таш, 1ахиг - көгүш) - силикаттар классынын содалиттер тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы (Иа2Са)8 [А18Ю4]6(8О4С18)2. Куб системасында кристаллданат. Өнү-түсү каралжын көк, кызгылтым көк, көгүлтүр жашыл. Катуулугу 5,5-6. С. салм. 2,4. Пирит, глауконит ж. б.

минералдар м-н бирдикте, жегичтүү сиениттерге жанаша жаткан акиташ тегинин арасында кездешет. Жогорку сапаттагы Л. - зергерчиликте, таш имараттарды кооздоодо ж-а көк түстөгү сүрөт боёгун даярдоодо колдонулат. Ири кендери Афганстан, Тажикстан ж-а Россияда белгилүү.