КӨК ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨК ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР</b> (Cyanophyta) – ба­лырлардын прокариотторго кирүүчү тобу. Алар­да бактериялар сыяктуу ядролук зат мембрана м-н капталбайт, | <b type='title'>КӨК ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР</b> (Cyanophyta) – ба­лырлардын прокариотторго кирүүчү тобу. Алар­да бактериялар сыяктуу ядролук зат мембрана м-н капталбайт, башкача айтканда цитоплазмадан чектелбе­ген. Ошондуктан алар бактерияларга киргизи­лип, <span style="letter-spacing:2px;"> ц и а н б а к т е р и я л а р</span> деп аталат. Булар көк жашыл, кээде малакызыл ж-а кара түстө да жолугат. Түстөр андагы хлорофилл <i>а</i>, каротиноиддер, фикоэритриндер, фикоанан ж. б. пигменттердин болушуна байланыштуу.<br>Көк жашыл балырлар – бир клеткалуу (жип сымал) колония­луу организмдер. Көк жашыл балырлардын көбөйүүсү бир клеткалууларында бөлүнүү жолу м-н жүрөт. Ал эми жип сымал өкүлдөрүндө жиптердин клет­калары бир нече бөлүктөргө топтолушуп, был­жырдын жардамы м-н өз алдынча бөлүкчө чы­гат. Бир нече убакыттан кийин ар бир бөлүк­чөлөр жетилип, өзүнчө жаңы жиптерди пайда кылат. Алар түрдүү экологиялык шартта (кыртышта, көлдө, дарак кабыгында, ысык булакта ж. б.) кездешет. Көпчүлүгү жогорку температурага чыдам­дуу, ысык ж-а жылуу булактарда да жашайт. Көк жашыл балырлардын ичинен төмөнкү температурага чыдам­дуу түрлөрү да бар. 2000ден ашык түрдү кучагы­на алган үч классы белгилүү. Кыргызстанда мерис­мопедия, носток, калотрикс, осцилатория ж. б. өкүлдөрү көп кездешет. Көп учурда башка орга­низмдер м-н симбиоздо жашайт. Кээси азот топ­тоо боюнча жөндөмдүү болгондуктан, жер семирт­кич катары пайдаланылат. Айрымдары өтө көп көбөйгөн учурда суу сактагычтарда суунун «гүлдөшүнө» алып келет. Кээ бир түрү тамак катары колдонулат. | ||
кылат. Алар түрдүү | |||
өкүлдөрү көп кездешет. Көп учурда башка орга­низмдер м-н симбиоздо жашайт. Кээси азот топ­тоо | |||
«гүлдөшүнө» алып келет. Кээ бир түрү тамак катары колдонулат. | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
10:05, 29 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КӨК ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР (Cyanophyta) – балырлардын прокариотторго кирүүчү тобу. Аларда бактериялар сыяктуу ядролук зат мембрана м-н капталбайт, башкача айтканда цитоплазмадан чектелбеген. Ошондуктан алар бактерияларга киргизилип, ц и а н б а к т е р и я л а р деп аталат. Булар көк жашыл, кээде малакызыл ж-а кара түстө да жолугат. Түстөр андагы хлорофилл а, каротиноиддер, фикоэритриндер, фикоанан ж. б. пигменттердин болушуна байланыштуу.
Көк жашыл балырлар – бир клеткалуу (жип сымал) колониялуу организмдер. Көк жашыл балырлардын көбөйүүсү бир клеткалууларында бөлүнүү жолу м-н жүрөт. Ал эми жип сымал өкүлдөрүндө жиптердин клеткалары бир нече бөлүктөргө топтолушуп, былжырдын жардамы м-н өз алдынча бөлүкчө чыгат. Бир нече убакыттан кийин ар бир бөлүкчөлөр жетилип, өзүнчө жаңы жиптерди пайда кылат. Алар түрдүү экологиялык шартта (кыртышта, көлдө, дарак кабыгында, ысык булакта ж. б.) кездешет. Көпчүлүгү жогорку температурага чыдамдуу, ысык ж-а жылуу булактарда да жашайт. Көк жашыл балырлардын ичинен төмөнкү температурага чыдамдуу түрлөрү да бар. 2000ден ашык түрдү кучагына алган үч классы белгилүү. Кыргызстанда мерисмопедия, носток, калотрикс, осцилатория ж. б. өкүлдөрү көп кездешет. Көп учурда башка организмдер м-н симбиоздо жашайт. Кээси азот топтоо боюнча жөндөмдүү болгондуктан, жер семирткич катары пайдаланылат. Айрымдары өтө көп көбөйгөн учурда суу сактагычтарда суунун «гүлдөшүнө» алып келет. Кээ бир түрү тамак катары колдонулат.