КӨК БӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨК БӨРҮ</b> , <span style="letter-spacing:2px;"> у л а к т а р т ы ш</span> – улуттук оюн, | <b type='title'>КӨК БӨРҮ</b> , <span style="letter-spacing:2px;"> у л а к т а р т ы ш</span> – улуттук оюн, <i>ат спортунун</i> бир түрү. Көк бөрү Борбордук Азияда ил­гертен эле ойнолуп келген. Мурда оюнга 10–15 жаштагы балдар да кунан минип катышкан. Оюнчулардын саны чектелген эмес, оюнга ка­лысты өздөрү шайлашкан. «Көк бөрү» термининин келип чыгышы күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү чаап алып, талашып-тар­тышып ойногондугу м-н байланыштуу. Тажик­терде ж-а түштүк кыргыздар улактын ордуна тор­пок тартышып, мелдеш өткөрүшөт. Учурда жаңы эрежеге ылайык атчан эки жааттын ортосунда өткөрүлөт. Ар бир жааттын максаты –муузда­лып, баш-шыйрагы кесилип, жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарына тарттыр­бай «тай казанга» таштоо. Мелдеш эрежеси боюнча 18 жаштан ашкан, атта мыкты жүргөн, карылуу, шамдагай жигиттер шым, көйнөк, өтүк ж-а баш кийимчен катышат. Кыргыз Республикасы­нын «Көк бөрү» федерациясы тарабынан түзүлгөн кийинки эреже боюнча команда 4 улакчыдан ту­рат. Улак тартылуучу талаанын жери тегиз, жумшак келип, туурасы 150–200 <i>м</i>, узундугу 300–400 <i>м</i> болушу керек. Аянттын ортосунда диа­метри 10 <i>м</i> келген айлана болот. Ар бир тайм ушул айланадан башталат. Аянттын эки жа­гында диаметри 5 <i>м</i> келген «тай казан» орноту­лат. Улакчылар улакты «тай казандын» ичине таштоосу керек. Эгер улак «тай казанга» жет- | ||
<i>ат спортунун</i> бир түрү. | |||
жаштагы балдар да кунан минип катышкан. Оюнчулардын саны чектелген эмес, оюнга ка­лысты өздөрү шайлашкан. | |||
өткөрүлөт. Ар бир жааттын максаты –муузда­лып, баш-шыйрагы кесилип, жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарына тарттыр­бай «тай казанга» таштоо. Мелдеш эрежеси | |||
өтүк ж-а баш кийимчен катышат. Кыргыз | |||
жумшак келип, туурасы 150–200 <i>м</i>, | |||
[[File:КӨК БӨРҮ22.png | thumb | none]] | [[File:КӨК БӨРҮ22.png | thumb | none]] | ||
пей же ашыра ташталса, калыс оюнду токто­тот. Улакты аянттын борборунан 25 <i>м</i> аралык­тагы чиймеге таштап, оюн кайрадан уланты­лат. Оюн 20 <i>мин</i>дан 3 тайм болот. Улактын | пей же ашыра ташталса, калыс оюнду токто­тот. Улакты аянттын борборунан 25 <i>м</i> аралык­тагы чиймеге таштап, оюн кайрадан уланты­лат. Оюн 20 <i>мин</i>дан 3 тайм болот. Улактын салмагы 30–40 <i>кг</i>дан ашпоосу керек. Оюнда жерге ташталган улакты эңип алууга, улакты атаандаштарынан тартып алууга, өнөгүнө бере салууга, такымга басууга, колунда алып жүрүүгө, ээрге өңөрүүгө, аттын капталында же астында кармап жүрүүгө, өнөктөрүнө жардамдашууга уруксат берилет. Атаандаш оюнчунун атынын тизгининен кармоого, жүгөнүн шыпырып алуу­га, үзөнгүсүн чечүүгө, камчы м-н атты башка ча­бууга, чаап келаткан улакчынын алдын тороо­го, улакты ээрге байлоого, сөгүнүүгө, урушууга тыюу салынат. Көк бөрү 1950-жылдан бүткүл союз­дук ат спортунун программасына киргизи­лип, мелдештерде Кыргызстандын командасы бир нече жолу жеңишке ээ болгон. Ал учурда көк бөрү боюнча 3 разряд гана белгиленген. 2001-жылдан «Спорт чебери», «Эл аралык спорт чебери» наам­дары да берилет. Көк бөрү боюнча «Кыргыз Республи­касынын Президентинин кубогуна» мелдеш өткөрүлөт. | ||
салмагы 30–40 <i>кг</i>дан ашпоосу керек. Оюнда | |||
жерге ташталган улакты эңип алууга, улакты атаандаштарынан тартып алууга, өнөгүнө бере салууга, такымга басууга, колунда алып жүрүүгө, ээрге өңөрүүгө, аттын капталында же астында кармап жүрүүгө, өнөктөрүнө жардамдашууга уруксат берилет. Атаандаш оюнчунун атынын тизгининен кармоого, жүгөнүн шыпырып алуу­га, үзөнгүсүн чечүүгө, камчы м-н атты башка ча­бууга, чаап келаткан улакчынын алдын тороо­го, улакты ээрге байлоого, сөгүнүүгө, урушууга тыюу салынат. | |||
өткөрүлөт. | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
09:57, 29 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КӨК БӨРҮ , у л а к т а р т ы ш – улуттук оюн, ат спортунун бир түрү. Көк бөрү Борбордук Азияда илгертен эле ойнолуп келген. Мурда оюнга 10–15 жаштагы балдар да кунан минип катышкан. Оюнчулардын саны чектелген эмес, оюнга калысты өздөрү шайлашкан. «Көк бөрү» термининин келип чыгышы күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү чаап алып, талашып-тартышып ойногондугу м-н байланыштуу. Тажиктерде ж-а түштүк кыргыздар улактын ордуна торпок тартышып, мелдеш өткөрүшөт. Учурда жаңы эрежеге ылайык атчан эки жааттын ортосунда өткөрүлөт. Ар бир жааттын максаты –мууздалып, баш-шыйрагы кесилип, жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарына тарттырбай «тай казанга» таштоо. Мелдеш эрежеси боюнча 18 жаштан ашкан, атта мыкты жүргөн, карылуу, шамдагай жигиттер шым, көйнөк, өтүк ж-а баш кийимчен катышат. Кыргыз Республикасынын «Көк бөрү» федерациясы тарабынан түзүлгөн кийинки эреже боюнча команда 4 улакчыдан турат. Улак тартылуучу талаанын жери тегиз, жумшак келип, туурасы 150–200 м, узундугу 300–400 м болушу керек. Аянттын ортосунда диаметри 10 м келген айлана болот. Ар бир тайм ушул айланадан башталат. Аянттын эки жагында диаметри 5 м келген «тай казан» орнотулат. Улакчылар улакты «тай казандын» ичине таштоосу керек. Эгер улак «тай казанга» жет-

пей же ашыра ташталса, калыс оюнду токтотот. Улакты аянттын борборунан 25 м аралыктагы чиймеге таштап, оюн кайрадан улантылат. Оюн 20 миндан 3 тайм болот. Улактын салмагы 30–40 кгдан ашпоосу керек. Оюнда жерге ташталган улакты эңип алууга, улакты атаандаштарынан тартып алууга, өнөгүнө бере салууга, такымга басууга, колунда алып жүрүүгө, ээрге өңөрүүгө, аттын капталында же астында кармап жүрүүгө, өнөктөрүнө жардамдашууга уруксат берилет. Атаандаш оюнчунун атынын тизгининен кармоого, жүгөнүн шыпырып алууга, үзөнгүсүн чечүүгө, камчы м-н атты башка чабууга, чаап келаткан улакчынын алдын тороого, улакты ээрге байлоого, сөгүнүүгө, урушууга тыюу салынат. Көк бөрү 1950-жылдан бүткүл союздук ат спортунун программасына киргизилип, мелдештерде Кыргызстандын командасы бир нече жолу жеңишке ээ болгон. Ал учурда көк бөрү боюнча 3 разряд гана белгиленген. 2001-жылдан «Спорт чебери», «Эл аралык спорт чебери» наамдары да берилет. Көк бөрү боюнча «Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна» мелдеш өткөрүлөт.