КӨК БООР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨК БООР</b> – омурткалуу жаныбарлардын ж-а | <b type='title'>КӨК БООР</b> – омурткалуу жаныбарлардын ж-а адамдын ич көңдөйүндөгү жалкы орган. Ал ич көңдөйүндө сол жак сүбөөнүн алдында жайга­шат. Кызыл ж-а ак пульпадан турган тыгыз капсула. Кишинин көк боорунун салмагы 150–200 <i>г</i>. Кызыл пульпа кандын формалуу элементтери, негизинен эритроциттер м-н толгон; ак пульпа лимфа тканынан пайда болуп, лимфоциттерди иштеп чыгарат. Көк боор кан пайда кылууга ж-а жөнгө салууга катышат; бузулган эритроцит­тер, микроорганизмдер ж. б. канга түшкөн бөтөн заттарды кармап, коргоо функциясын аткарат. Андан сырткары көк боор кан ж-а гемоглобин ре­зервуары болуп эсептелет. Организмде кандын формалуу элементтери тынымсыз бузулуп ту­рат, ошондуктан кан пайда кылуучу органдар­дын негизги функциясы – кандын клеткалуу элементтерин үзгүлтүксүз толуктап туруу. | ||
адамдын ич көңдөйүндөгү жалкы орган. Ал ич көңдөйүндө сол жак сүбөөнүн алдында жайга­шат. Кызыл ж-а ак пульпадан турган тыгыз | |||
капсула. Кишинин | |||
Кызыл пульпа кандын формалуу элементтери, негизинен эритроциттер м-н толгон; ак пульпа лимфа тканынан пайда болуп, лимфоциттерди иштеп чыгарат. | |||
элементтерин үзгүлтүксүз толуктап туруу. | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
09:45, 29 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КӨК БООР – омурткалуу жаныбарлардын ж-а адамдын ич көңдөйүндөгү жалкы орган. Ал ич көңдөйүндө сол жак сүбөөнүн алдында жайгашат. Кызыл ж-а ак пульпадан турган тыгыз капсула. Кишинин көк боорунун салмагы 150–200 г. Кызыл пульпа кандын формалуу элементтери, негизинен эритроциттер м-н толгон; ак пульпа лимфа тканынан пайда болуп, лимфоциттерди иштеп чыгарат. Көк боор кан пайда кылууга ж-а жөнгө салууга катышат; бузулган эритроциттер, микроорганизмдер ж. б. канга түшкөн бөтөн заттарды кармап, коргоо функциясын аткарат. Андан сырткары көк боор кан ж-а гемоглобин резервуары болуп эсептелет. Организмде кандын формалуу элементтери тынымсыз бузулуп турат, ошондуктан кан пайда кылуучу органдардын негизги функциясы – кандын клеткалуу элементтерин үзгүлтүксүз толуктап туруу.