КӨК БАЗИНДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨК БАЗИНДЕР</b> (Gentianaclal) – өсүмдүктөрдүн | <b type='title'>КӨК БАЗИНДЕР</b> (Gentianaclal) – өсүмдүктөрдүн | ||
эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөп. Сабагы түз, тик жай­гашкан. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылат, түсү ак, сары, көк, кызгылт­көк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, | эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөп. Сабагы түз, тик жай­гашкан. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылат, түсү ак, сары, көк, кызгылт­көк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, 4–5 (6–12) мүчөлүү, үстүңкү энеликтүү. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрү мелүүн ж-а субтропик зоналарын тоолуу аймак­тарында кездешет. Кыргызстанда көк базиндердин 5 урууга кирген 7 түрү бөксө ж-а өтө бийик тоо шалбаа­сында, нымдуу боздоңдо, сазда, булак, суу ж-а көл жээгинде өсөт. Көк базиндердин бардык түрүндө ачуу гликозиддер бар, ошондуктан дары-дармек жа­соодо кеңири колдонулат. Айрым түрү гүлзарда өстүрүлөт. <br type=PH info="КӨК-БӨРҮ 515"> | ||
көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрү мелүүн ж-а субтропик зоналарын тоолуу аймак­тарында кездешет. | |||
өстүрүлөт. | |||
<br type=PH info="КӨК-БӨРҮ 515"> | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
09:40, 29 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КӨК БАЗИНДЕР (Gentianaclal) – өсүмдүктөрдүн
эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөп. Сабагы түз, тик жайгашкан. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылат, түсү ак, сары, көк, кызгылткөк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, 4–5 (6–12) мүчөлүү, үстүңкү энеликтүү. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрү мелүүн ж-а субтропик зоналарын тоолуу аймактарында кездешет. Кыргызстанда көк базиндердин 5 урууга кирген 7 түрү бөксө ж-а өтө бийик тоо шалбаасында, нымдуу боздоңдо, сазда, булак, суу ж-а көл жээгинде өсөт. Көк базиндердин бардык түрүндө ачуу гликозиддер бар, ошондуктан дары-дармек жасоодо кеңири колдонулат. Айрым түрү гүлзарда өстүрүлөт.