КӨЗ АЙНЕК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨЗ АЙНЕК</b> – көздүн көрүү кемтигин оңдоо | <b type='title'>КӨЗ АЙНЕК</b> – көздүн көрүү кемтигин оңдоо ж-а шамалдан, чаңдан, ошондой эле күн нурунан ж. б­. коргоо үчүн колдонулуучу оптикалык при­бор. Ал эки линзадан ж-а алар бекүүчү эки ал­кактан, кулакка кыстаруучу кармоочтон турат. Көзгө түшкөн жарык нуру көз торчосунда кеси­лишип, ал жерде сүрөттөлүш пайда болгондо, нерсе даана көрүнөт. Кемтиги бар көздө жарык нуру көз торчосуна жетпей кесилип, нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосунун алдында болот. Мында адам жакын нерсени жакшы көрүп, алыстан начар көрөт. Айрым учурда нерседен түшкөн жарык көз торчосунан өтүп кесилишет. Бул учурда нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосу­нун артында пайда болуп, киши жакындан на­чар, алыстан жакшы көрөт. Жарык нуру том­пок линза аркылуу өткөндө бир чекитке чогу­луп, чогултуучу линза деп аталат. Жарык нуру иймек линза аркылуу өткөндө, ал чачырап, линзанын алдында жалган фокус пайда кылат (чачыраткыч линза). Эки жагы иймек линза­луу көз айнекти алыстан начар көрүүдө, ал эми жа­кындан начар көрүүдө эки жагы чогулткуч лин­залуу көз айнек сунуш кылынат. Мындан тышкары жарык чогулткуч ж-а чачыраткыч цилиндрлүү линзалар белгилүү. Мындай линза астигматизмде колдонулат. Айрым учурда бир эле убакта алыс­ты да, жакынды да жакшы көрсөтүүчү көз айнектер­ди колдонсо болот. Анда көз айнектин үстүнкү бө­лүгүндө алысты жакшы көрсөтүүчү, төмөнкү бөлүгүндө жакынды жакшы көрсөтүүчү айнек салынат. Эки көз ар кандай көрсө же бир көздүн чечекейи жок учурда контакттуу линзалар кою­лат. Ал абдан сапаттуу пластмассадан жасалат. Косметикалык жактан артыкчылыгы болгон­дуктан, көп пайдаланылат. Көрүү нерви м-н көз торчосу жабыркап, көрүү өтө начарлаганда, те­лескоптуу, көрүү айланасын чоңойтуучу күз­гүлүү, ошондой эле чалыр көздү оңдоочу көз айнектер бар. Коргоочу көз айнектер көздү урунуудан, механикалык ж-а химиялык заттардан, күн нурунун зыяндуу таасиринен сактоо үчүн колдонулат. Ошондой эле инфракызгылт­көк нурлары м-н байланыштуу иште (айнек үйлөтүүчү, болот эритүүчү ж-а ысык цехте) иш­тегендерге атайын коргоочу кара көз айнектерди кийүү сунуш кылынат. Көз айнек тагынуу м-н түзө­түлөт. Көз айнекте колдонулуучу линзалардын оп­тикалык күчү <i>диоптрия</i> м-н туюнтулат. | ||
ж-а шамалдан, чаңдан, | |||
(чачыраткыч линза). Эки жагы иймек линза­луу | |||
чечекейи жок учурда контакттуу линзалар кою­лат. Ал абдан сапаттуу пластмассадан жасалат. Косметикалык жактан артыкчылыгы болгон­дуктан, көп пайдаланылат. Көрүү нерви м-н көз торчосу жабыркап, көрүү өтө начарлаганда, те­лескоптуу, көрүү айланасын чоңойтуучу күз­гүлүү, | |||
үйлөтүүчү, болот эритүүчү ж-а ысык цехте) иш­тегендерге атайын коргоочу кара | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
09:53, 19 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КӨЗ АЙНЕК – көздүн көрүү кемтигин оңдоо ж-а шамалдан, чаңдан, ошондой эле күн нурунан ж. б. коргоо үчүн колдонулуучу оптикалык прибор. Ал эки линзадан ж-а алар бекүүчү эки алкактан, кулакка кыстаруучу кармоочтон турат. Көзгө түшкөн жарык нуру көз торчосунда кесилишип, ал жерде сүрөттөлүш пайда болгондо, нерсе даана көрүнөт. Кемтиги бар көздө жарык нуру көз торчосуна жетпей кесилип, нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосунун алдында болот. Мында адам жакын нерсени жакшы көрүп, алыстан начар көрөт. Айрым учурда нерседен түшкөн жарык көз торчосунан өтүп кесилишет. Бул учурда нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосунун артында пайда болуп, киши жакындан начар, алыстан жакшы көрөт. Жарык нуру томпок линза аркылуу өткөндө бир чекитке чогулуп, чогултуучу линза деп аталат. Жарык нуру иймек линза аркылуу өткөндө, ал чачырап, линзанын алдында жалган фокус пайда кылат (чачыраткыч линза). Эки жагы иймек линзалуу көз айнекти алыстан начар көрүүдө, ал эми жакындан начар көрүүдө эки жагы чогулткуч линзалуу көз айнек сунуш кылынат. Мындан тышкары жарык чогулткуч ж-а чачыраткыч цилиндрлүү линзалар белгилүү. Мындай линза астигматизмде колдонулат. Айрым учурда бир эле убакта алысты да, жакынды да жакшы көрсөтүүчү көз айнектерди колдонсо болот. Анда көз айнектин үстүнкү бөлүгүндө алысты жакшы көрсөтүүчү, төмөнкү бөлүгүндө жакынды жакшы көрсөтүүчү айнек салынат. Эки көз ар кандай көрсө же бир көздүн чечекейи жок учурда контакттуу линзалар коюлат. Ал абдан сапаттуу пластмассадан жасалат. Косметикалык жактан артыкчылыгы болгондуктан, көп пайдаланылат. Көрүү нерви м-н көз торчосу жабыркап, көрүү өтө начарлаганда, телескоптуу, көрүү айланасын чоңойтуучу күзгүлүү, ошондой эле чалыр көздү оңдоочу көз айнектер бар. Коргоочу көз айнектер көздү урунуудан, механикалык ж-а химиялык заттардан, күн нурунун зыяндуу таасиринен сактоо үчүн колдонулат. Ошондой эле инфракызгылткөк нурлары м-н байланыштуу иште (айнек үйлөтүүчү, болот эритүүчү ж-а ысык цехте) иштегендерге атайын коргоочу кара көз айнектерди кийүү сунуш кылынат. Көз айнек тагынуу м-н түзөтүлөт. Көз айнекте колдонулуучу линзалардын оптикалык күчү диоптрия м-н туюнтулат.