КӨБҮКЧӨЛҮҮ КАМЕРА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨБҮКЧӨЛҮҮ КА́МЕРА</b> – жогорку энергиялуу | <b type='title'>КӨБҮКЧӨЛҮҮ КА́МЕРА</b> – жогорку энергиялуу заряддалган бөлүкчөлөрдүн изин (трек) каттоо­чу курал; анын иштеши бөлүкчөлөрдүн траек­торияларын бойлото ысыган суюктуктун кай­нашына (буунун майда көбүкчөлөрдү түзүшүнө) негизделген. Көбүкчөлүү камераны 1952-жылы Д. Глейзер (АКШ) ойлоп чыгарган (Нобель сыйлыгы, 1954). Көбүкчөлүү камера адатта жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдүн суюк­туктун ядролору м-н өз ара аракеттениши же бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүн каттоодо пайдаланы­лат. Жумуш аткаруучу суюктук катары көбүнчө суюк суутек, дейтерий, неондун суутек м-н ара­лашмасы (криогендик камера), ошондой эле пропан, фреон ж-а ксенондун пропан м-н аралашмасы (оор суюктуктуу камера) колдонулат. Көбүкчө­лөр жетишерлик өлчөмгө жеткенде Көбүкчөлүү камерадагы бөлүкчөлөрдүн изи сүрөткө тартылып алынат. Көбүкчөлүү камеранын жардамы м-н көптөгөн элементардык бөлүкчөлөр ачылган ж-а изилденген. | ||
заряддалган бөлүкчөлөрдүн изин (трек) каттоо­чу курал; анын иштеши бөлүкчөлөрдүн траек­торияларын бойлото ысыган суюктуктун кай­нашына (буунун майда көбүкчөлөрдү түзүшүнө) негизделген. | |||
(оор суюктуктуу камера) колдонулат. Көбүкчө­лөр жетишерлик өлчөмгө жеткенде | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
10:00, 12 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КӨБҮКЧӨЛҮҮ КА́МЕРА – жогорку энергиялуу заряддалган бөлүкчөлөрдүн изин (трек) каттоочу курал; анын иштеши бөлүкчөлөрдүн траекторияларын бойлото ысыган суюктуктун кайнашына (буунун майда көбүкчөлөрдү түзүшүнө) негизделген. Көбүкчөлүү камераны 1952-жылы Д. Глейзер (АКШ) ойлоп чыгарган (Нобель сыйлыгы, 1954). Көбүкчөлүү камера адатта жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдүн суюктуктун ядролору м-н өз ара аракеттениши же бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүн каттоодо пайдаланылат. Жумуш аткаруучу суюктук катары көбүнчө суюк суутек, дейтерий, неондун суутек м-н аралашмасы (криогендик камера), ошондой эле пропан, фреон ж-а ксенондун пропан м-н аралашмасы (оор суюктуктуу камера) колдонулат. Көбүкчөлөр жетишерлик өлчөмгө жеткенде Көбүкчөлүү камерадагы бөлүкчөлөрдүн изи сүрөткө тартылып алынат. Көбүкчөлүү камеранын жардамы м-н көптөгөн элементардык бөлүкчөлөр ачылган ж-а изилденген.