КОШОЕВ Темирбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОШОЕВ to КОШОЕВ Темирбек) |
(Айырма жок)
| |
10:13, 11 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОШОЕВ Темирбек (1. 8. 1931, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 23. 6. 2009, Бишкек) –

мамлекеттик ишмер. Токмок токой-чарба мектебин (1950), К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1957) бүтүргөн. 1957–58-жылдарда Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүндө инструктор, 1958-жылы партиянын Ош обкомунун 2-секретары, 1960-жылы Кара-Суу райаткомунун төрагасы, 1961–62-жылдарда Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1962–63-жылдарда партиянын Сузак райкомунун 1- секретары, 1963–78-жылдарда Ош облаткомунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1978–81-жылдарда партиянын Ош обкомунун 1-секретары, 1981–87-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1987– 2006-жылдарда жергиликтүү жамааттар конгрессинин вице-президенти, «Децентрализация» программасынын менеджери болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин 2, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7 жолку депутаты. 3-даражадагы «Манас», Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Эл достугу ордендери м-н сыйланган.