КОЧҢАР-БАШИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЧҢАР-БАШИ</b> ,<span style="letter-spacing:2px;"> К о ч к о р - Б а ш ы</span> – Кочкор | <b type='title'>КОЧҢАР-БАШИ</b> ,<span style="letter-spacing:2px;"> К о ч к о р - Б а ш ы</span> – Кочкор өрөөнүндөгү 10–12-кылымдарга таандык шаар. Шаар ар­кылуу <i>Караханиддер</i> кагандыгынын аймагын­дагы байыркы Жибек жолунун бир айрыгы өткөн. Кочңар-Баши тууралуу алгачкы маалыматтар Абу Саид <i>Гардизинин</i> 1050–52-жылдарда фарсы тилин­де жазылган «Зайн ал-ах-бар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») чыгармасында кездешет. Ка­раханиддер династиясынан Мавераннахрды ал­гач каратып алган Буура хан Харун Мусанын Баласагундан Кашкарга кайтып баратып, 992-жылы Кочңар-Башида өлгөндүгү айтылат. Мындан ки­йинки Кочңар-Башига тиешелүү маалыматтар <i>Махмуд Кашгаринин</i> «Дивану лугат-ит-түрк» («Түрк тил­деринин түшүндүрмө сөздүгү») эмгегинде: өзүнчө бир шаар ж-а Кочңар-Баши м-н Баласагундун ортосун­да <i>Занби-Арт</i> деген ашуу бар экени айтылат. В. В. <i>Бартольд</i> Занби-Артты азыркы Шамшы ашуусу м-н салыштырып, Кочңар-Башини Чүй суусу­нун жогорку агымындагы Кочкор районундагы орто кылымга тиешелүү шаардын урандысы деп божомолдогон. Кийинки изилдөөлөрдө орто кы­лымдагы Кочңар-Башинин жайгашкан ордун Кочкор шаар калдыгы м-н байланыштырышууда (Кум- Дөбө айылынын аймагындагы Төрткүл шаар­часы). 2011-жылы казуу иштери жүргүзүлүп, бул жерден таш кетмендер, жаргылчак, Караханид­дер мезгилине таандык дубал калдыгы, кемеге, малдын сөөктөрү, карапа идиштер, тыйын, суу түтүктөрү, жүгөндүн тогоолору ж. б. темир ж-а коло буюмдар табылган. Карапа идиштер көп түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Маданий катма­рынын тереңдиги 4 <i>м</i>ге чейин. Кочңар-Баши Баласагун­дан анча алыс эмес жерде жайгашкандыктан, Караханиддер мамлекетиндеги соода-экономикалык кат­нашты өнүктүрүүнү камсыз кылган. Кочңар-Баши ар­кылуу өтүү Караханиддердин Кашкар тараптан келаткан соода кербендери өткөн Баласагунга түшө калуунун эң кыска жолу болгон. | ||
өрөөнүндөгү 10–12- | |||
өткөн. | |||
Караханиддер мамлекетиндеги соода- | |||
Ад.: <i>Бартольд В. В.</i> Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; <i>Чоротегин Т. К.</i> Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану | Ад.: <i>Бартольд В. В.</i> Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; <i>Чоротегин Т. К.</i> Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; <i>Бернштам А. Н.</i> Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; <i>Асанов Т. И.</i> Кочкор-Башы– Караханий түрк­төрдүн байыркы шаары// Коомдук илимдер журналы. Б., 2002. | ||
лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; | |||
<i>Бернштам А. Н.</i> Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., | |||
1998; <i>Асанов Т. И.</i> Кочкор-Башы– Караханий түрк­төрдүн байыркы шаары// Коомдук илимдер журналы. Б., 2002. | |||
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
10:05, 10 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОЧҢАР-БАШИ , К о ч к о р - Б а ш ы – Кочкор өрөөнүндөгү 10–12-кылымдарга таандык шаар. Шаар аркылуу Караханиддер кагандыгынын аймагындагы байыркы Жибек жолунун бир айрыгы өткөн. Кочңар-Баши тууралуу алгачкы маалыматтар Абу Саид Гардизинин 1050–52-жылдарда фарсы тилинде жазылган «Зайн ал-ах-бар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») чыгармасында кездешет. Караханиддер династиясынан Мавераннахрды алгач каратып алган Буура хан Харун Мусанын Баласагундан Кашкарга кайтып баратып, 992-жылы Кочңар-Башида өлгөндүгү айтылат. Мындан кийинки Кочңар-Башига тиешелүү маалыматтар Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат-ит-түрк» («Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгү») эмгегинде: өзүнчө бир шаар ж-а Кочңар-Баши м-н Баласагундун ортосунда Занби-Арт деген ашуу бар экени айтылат. В. В. Бартольд Занби-Артты азыркы Шамшы ашуусу м-н салыштырып, Кочңар-Башини Чүй суусунун жогорку агымындагы Кочкор районундагы орто кылымга тиешелүү шаардын урандысы деп божомолдогон. Кийинки изилдөөлөрдө орто кылымдагы Кочңар-Башинин жайгашкан ордун Кочкор шаар калдыгы м-н байланыштырышууда (Кум- Дөбө айылынын аймагындагы Төрткүл шаарчасы). 2011-жылы казуу иштери жүргүзүлүп, бул жерден таш кетмендер, жаргылчак, Караханиддер мезгилине таандык дубал калдыгы, кемеге, малдын сөөктөрү, карапа идиштер, тыйын, суу түтүктөрү, жүгөндүн тогоолору ж. б. темир ж-а коло буюмдар табылган. Карапа идиштер көп түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Маданий катмарынын тереңдиги 4 мге чейин. Кочңар-Баши Баласагундан анча алыс эмес жерде жайгашкандыктан, Караханиддер мамлекетиндеги соода-экономикалык катнашты өнүктүрүүнү камсыз кылган. Кочңар-Баши аркылуу өтүү Караханиддердин Кашкар тараптан келаткан соода кербендери өткөн Баласагунга түшө калуунун эң кыска жолу болгон.
Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Асанов Т. И. Кочкор-Башы– Караханий түрктөрдүн байыркы шаары// Коомдук илимдер журналы. Б., 2002.
Т. Асанов.