КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ</b> Нарын | <b type='title'>КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ</b> Нарын облусунун Кочкор районунда, Балыкчы шаарынан 45 <i>км</i> түштүк-батыш тарапта, Кара-Коо тоосунун түндүк капталында­гы Кыргоо сайында. 1972-жылы геологиялык иштер жүргү­зүлгөн. Кен аймагын протерозойдун аягында пайда болгон акиташ, сланец ж-а гнейс тоо тек­тери түзөт. Жука катмарчалуу, темгилдүү гнейс кооз таш катары курулушка жарактуу. Мын­дай гнейстер 3 <i>га</i> аянтты ээлеп, алардан чык­кан блоктордун өлчөмү 0,10x0,2 <i>см</i>ден ашпайт. Запасы 300 миң <i>м</i><sup>3</sup>. Темгилдүү гнейстердин не­гизги массасы (60%) кызгылт боз түстө болуп, эллипс, көзчө, линза формасындагы кызгылт, ак темгилдерден турат ж-а 1,5 <i>га</i> аянтты ээлейт. Блоктордун орточо өлчөмү 0,2 <i>м</i><sup>3</sup>ден ашпайт. Оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Запасы 125 миң <i>м</i><sup>3</sup>. Гнейстерден кооз буюмдарды, дубалдарды кооздоп каптоочу такталарды жасоого болот. | ||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
09:59, 9 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Балыкчы шаарынан 45 км түштүк-батыш тарапта, Кара-Коо тоосунун түндүк капталындагы Кыргоо сайында. 1972-жылы геологиялык иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагын протерозойдун аягында пайда болгон акиташ, сланец ж-а гнейс тоо тектери түзөт. Жука катмарчалуу, темгилдүү гнейс кооз таш катары курулушка жарактуу. Мындай гнейстер 3 га аянтты ээлеп, алардан чыккан блоктордун өлчөмү 0,10x0,2 смден ашпайт. Запасы 300 миң м3. Темгилдүү гнейстердин негизги массасы (60%) кызгылт боз түстө болуп, эллипс, көзчө, линза формасындагы кызгылт, ак темгилдерден турат ж-а 1,5 га аянтты ээлейт. Блоктордун орточо өлчөмү 0,2 м3ден ашпайт. Оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Запасы 125 миң м3. Гнейстерден кооз буюмдарды, дубалдарды кооздоп каптоочу такталарды жасоого болот.