КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ</b> – | <b type='title'>КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ</b> – айыл чарба өсүмдүктөрүн илимий негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. Которуштуруп эгүү жерди иштетүү, жер семирткичтерди пай­далануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. Которуштуруп эгүү топу­рактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа которуштуруп эгүү, тоют өсүмдүктөрүн которуштуруп эгүү ж-а атайын Которуштуруп эгүү. Т а­ л а а которуштуруп эгүүдө аянттын көп бөлүгүн дан эгинде­ри, картөшкө, техникалык өсүмдүктөр (күн карама, зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м­ д ү к т ө р ү н которуштуруп эгүүдө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н которуштуруп эгүүдө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа­шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. Которуштуруп эгүү сис­темасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрономиялык ж-а экономикалык жактан талданат. Ошонун натыйжа­сында жергиликтүү аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. Которуштуруп эгүүнү иш жүзүнө ийги­ликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиора­циялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротехникалык иш чараларды аткаруу зарыл. Которуштуруп эгүү системасы айыл чарба илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкен­диктеринин негизинде улам жакшыртылып ту­рат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мисалы, жаз­гы дан эгиндерин <i>кайталап</i> эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. Которуштуруп эгүүдө химиялык дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. Которуштуруп эгүү туура жүргүзүл­бөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мисалы, күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, кар­төшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошон­дуктан которуштуруп эгүү илимий жактан негизделген система боюнча жүргүзүлөт. | ||
негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. | |||
зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м­д ү к т ө р ү н | |||
өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н | |||
агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа­шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. | |||
өсүмдүктөр аныкталат. | |||
чараларды аткаруу зарыл. | |||
чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, | |||
чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди | |||
күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. | |||
Ад.: <i>Воробьев С. А.</i> Основы полевых севооборотов, М., 1972. | Ад.: <i>Воробьев С. А.</i> Основы полевых севооборотов, М., 1972. | ||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
08:57, 9 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ – айыл чарба өсүмдүктөрүн илимий негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. Которуштуруп эгүү жерди иштетүү, жер семирткичтерди пайдалануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. Которуштуруп эгүү топурактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа которуштуруп эгүү, тоют өсүмдүктөрүн которуштуруп эгүү ж-а атайын Которуштуруп эгүү. Т а л а а которуштуруп эгүүдө аянттын көп бөлүгүн дан эгиндери, картөшкө, техникалык өсүмдүктөр (күн карама, зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м д ү к т ө р ү н которуштуруп эгүүдө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н которуштуруп эгүүдө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жашылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. Которуштуруп эгүү системасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрономиялык ж-а экономикалык жактан талданат. Ошонун натыйжасында жергиликтүү аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. Которуштуруп эгүүнү иш жүзүнө ийгиликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротехникалык иш чараларды аткаруу зарыл. Которуштуруп эгүү системасы айыл чарба илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин негизинде улам жакшыртылып турат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мисалы, жазгы дан эгиндерин кайталап эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. Которуштуруп эгүүдө химиялык дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. Которуштуруп эгүү туура жүргүзүлбөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мисалы, күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, картөшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошондуктан которуштуруп эгүү илимий жактан негизделген система боюнча жүргүзүлөт.
Ад.: Воробьев С. А. Основы полевых севооборотов, М., 1972.