КОРЕЙ СОГУШУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРЕЙ СОГУШУ</b> – 1950–53- | <b type='title'>КОРЕЙ СОГУШУ</b> – 1950–53-жылдарда Түштүк ж-а Түндүк Кореянын ортосундагы согуш. Түндүк Корея Кы­тай ж-а СССР м-н Түндүк коалицияны, Түштүк Ко­рея АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер м-н Түштүк коалицияны түзгөн. 1910–45-жылдарда Ко­рея Япониянын колониясы болгон. 1945-жылы ав­густта СССР Корей жарым аралынын түндүк аймактарына, АКШ түштүк аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-жылы декабрда АКШ м-н СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу боюнча келишим түзүлгөн. Түштүк Кореяда Ли Сын Ман баш бол­гон антикоммунисттик өкмөт, Түндүк Кореяда <i>Ким Ир Сен</i> жетектеген коммунисттик өкмөт түзүл­гөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрү­нүш катары эсептелип, АКШ м-н СССРдин орто­сунда башталган <i>кансыз согуш</i> Корей жарым аралында­гы абалды өзгөрттү. 1950-жылы 25-июнда Түндүк Ко­реянын аскерлери СССРдин колдоосу м-н Түштүк Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР м-н Кытайдын колдоосу аркылуу Түндүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түштүк Кореяга кара­ганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түштүк Кореяга АКШ ж-а ООНго кир­ген айрым мамлекеттер жардам бере баштаган­дыктан, Түштүк Корея күч ала баштаган. 1950-жылы 20-октябрда түштүк кореялык күчтөр Корей Эл­дик Демократиялык Республикасынын (КНДР) борбору – Сеул шаарын алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн ки­йин, Түндүк Корея союздаштарынан ажырап, со­гуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден өтүп, чийимдин тегереги демилитаризациялан­ган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек ара­ны түндүк жагынан КНДР аскерлери ж-а түштүк ай­мактарын түштүк кореялык ж-а америкалык аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес ж-а Түштүк Корея­да АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат. | ||
Кореянын ортосундагы согуш. | |||
м-н | |||
өтүп, чийимдин тегереги демилитаризациялан­ган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек ара­ны | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
10:23, 20 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРЕЙ СОГУШУ – 1950–53-жылдарда Түштүк ж-а Түндүк Кореянын ортосундагы согуш. Түндүк Корея Кытай ж-а СССР м-н Түндүк коалицияны, Түштүк Корея АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер м-н Түштүк коалицияны түзгөн. 1910–45-жылдарда Корея Япониянын колониясы болгон. 1945-жылы августта СССР Корей жарым аралынын түндүк аймактарына, АКШ түштүк аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-жылы декабрда АКШ м-н СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу боюнча келишим түзүлгөн. Түштүк Кореяда Ли Сын Ман баш болгон антикоммунисттик өкмөт, Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген коммунисттик өкмөт түзүлгөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрүнүш катары эсептелип, АКШ м-н СССРдин ортосунда башталган кансыз согуш Корей жарым аралындагы абалды өзгөрттү. 1950-жылы 25-июнда Түндүк Кореянын аскерлери СССРдин колдоосу м-н Түштүк Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР м-н Кытайдын колдоосу аркылуу Түндүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түштүк Кореяга караганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түштүк Кореяга АКШ ж-а ООНго кирген айрым мамлекеттер жардам бере баштагандыктан, Түштүк Корея күч ала баштаган. 1950-жылы 20-октябрда түштүк кореялык күчтөр Корей Элдик Демократиялык Республикасынын (КНДР) борбору – Сеул шаарын алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн кийин, Түндүк Корея союздаштарынан ажырап, согуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден өтүп, чийимдин тегереги демилитаризацияланган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек араны түндүк жагынан КНДР аскерлери ж-а түштүк аймактарын түштүк кореялык ж-а америкалык аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес ж-а Түштүк Кореяда АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат.