КОРГОО ФОНДУСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРГОО ФОНДУСУ</b> – <i>Улуу Ата Мекендик со­гуш (1941–45)</i> мезгилинде фронттун муктаж­дыгы үчүн мурдагы СССР эмгекчилеринин ык­тыярдуу топтогон акчалай ж-а материалдык ка­ражаты. | <b type='title'>КОРГОО ФОНДУСУ</b> – <i>Улуу Ата Мекендик со­гуш (1941–45)</i> мезгилинде фронттун муктаж­дыгы үчүн мурдагы СССР эмгекчилеринин ык­тыярдуу топтогон акчалай ж-а материалдык ка­ражаты. Коргоо фондусуна демилге көтөргөндөрдүн бири, колхозчу Ф. П. Головатый (Саратов облусу) со­гуш самолётун курууга 100 миң сом берген (1942). 1941–45-жылдарда коргоо фондусунун жалпы каражаты 16,0 млрд сомго жеткен (Кызыл Армия фондусу м-н). Мындан тышкары ага мамлекеттик заёмдун 4,5 млрд сомдук облигациясы ж-а чет өлкөлүк кошумча­дан 15,8 млн сом акча түшкөн. Кыргызстандын эли согуш жылдарында коргоо фондусуна танк, самолёт ку­руу үчүн 189 млн сомдон ашык акча жөнөтүп, 57,3 млн сомдук мамлекеттик заёмдун облигацияла­рын сатып алышкан. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн. Кыргызстандын колхоздору м-н совхоздору коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. З. Өмүрзакова (130 миң), Э. Кулмамбетова (106 миң), Ү. Жаңыбаев (50 миң), О. Кулматов (50 миң), К. <i>Ботугуров</i> (48 миң), О. <i>Жаңыбаев</i> (40 миң) ж. б. ондогон кыргызстандыктар согуш техникасын курууга ак­чалай ж-а материалдык салымдарын кошкон. Кыргызстандын эмгекчилеринин каражатынан ку­ралган «Советтик Кыргызстан» танк колонна­сы Сталинград салгылашуусуна катышкан. | ||
1941–45- | |||
сомго жеткен (Кызыл Армия фондусу м-н). Мындан тышкары ага | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
08:02, 20 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРГОО ФОНДУСУ – Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде фронттун муктаждыгы үчүн мурдагы СССР эмгекчилеринин ыктыярдуу топтогон акчалай ж-а материалдык каражаты. Коргоо фондусуна демилге көтөргөндөрдүн бири, колхозчу Ф. П. Головатый (Саратов облусу) согуш самолётун курууга 100 миң сом берген (1942). 1941–45-жылдарда коргоо фондусунун жалпы каражаты 16,0 млрд сомго жеткен (Кызыл Армия фондусу м-н). Мындан тышкары ага мамлекеттик заёмдун 4,5 млрд сомдук облигациясы ж-а чет өлкөлүк кошумчадан 15,8 млн сом акча түшкөн. Кыргызстандын эли согуш жылдарында коргоо фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 млн сомдон ашык акча жөнөтүп, 57,3 млн сомдук мамлекеттик заёмдун облигацияларын сатып алышкан. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн. Кыргызстандын колхоздору м-н совхоздору коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. З. Өмүрзакова (130 миң), Э. Кулмамбетова (106 миң), Ү. Жаңыбаев (50 миң), О. Кулматов (50 миң), К. Ботугуров (48 миң), О. Жаңыбаев (40 миң) ж. б. ондогон кыргызстандыктар согуш техникасын курууга акчалай ж-а материалдык салымдарын кошкон. Кыргызстандын эмгекчилеринин каражатынан куралган «Советтик Кыргызстан» танк колоннасы Сталинград салгылашуусуна катышкан.