КОРГОН (Аксы районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОРГОН to КОРГОН (Аксы районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
07:11, 20 Май (Бугу) 2026 -деги абалы
КОРГОН – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл округуна караштуу. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш этегинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1730 (2008); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу ж-а электр тегирмендер иштейт.