БОКСИТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' БОКСИ́Т''' (фр. ''baхite'', Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий | '''БОКСИ́Т ''' (фр. ''baхite'', Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо менен карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний жана титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Бокситти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен жана көл менен деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Боксит – алюминийдин негизги кен ташы (кара: ''Алюминий кен таштары''). Ошондой эле ал боёк, цемент жасоодо жана металлургия менен нефть өнөр жайында пайдаланылат. | ||
[[Category: 2-том]] | |||
гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, | |||
10:57, 14 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
БОКСИ́Т (фр. baхite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо менен карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний жана титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоо тек. Бокситти түзүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоо тектердин латериттик талкалануу процессинен жана көл менен деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Боксит – алюминийдин негизги кен ташы (кара: Алюминий кен таштары). Ошондой эле ал боёк, цемент жасоодо жана металлургия менен нефть өнөр жайында пайдаланылат.