БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР''' – 17–18- | ''' БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР''' – 17–18-кылымдардада механикалык тааным теориясында объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган те<font color='green'>р</font>миндер. Ж. Локк биринчи же объективдүү с<font color='green'>а</font>паттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жа<font color='green'>р</font>машуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги мех<font color='green'>а</font>ника илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тар<font color='green'>а</font>бынан экинчи, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы менен аныкталган сапаттар деп табы<font color='green'>л</font>ган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапатта<font color='green'>р</font>дын катарына киргизишкен. Азыркы илимий та<font color='green'>а</font>нымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери жана сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин ба<font color='green'>ш</font>ка нерселер менен реалдуу карым-катыш учуру<font color='green'>н</font>да актуалдуу мүнөз күтөт (мисалы, туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир химиялык элементтин башка элементтер менен биригүү касиети ж. б.). ''Ж. К. Асанов.'' [[Category: 2-том]] | ||
''Ж. К. Асанов.'' [[Category: 2-том]] | |||
07:32, 12 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР – 17–18-кылымдардада механикалык тааным теориясында объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы менен аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы илимий таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери жана сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер менен реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мисалы, туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир химиялык элементтин башка элементтер менен биригүү касиети ж. б.). Ж. К. Асанов.