КЫТАЙ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type= | '''КЫТАЙ ЖАЗУУСУ''' – иероглиф (логографиялык) түрүндө колдонулган жазуу системасы. Иероглифтердин жаралышы б.з.ч. 3-миң жылдыкта жашаган мифологиялык император Хуандинин катчысы Цан Цзеге таандык болуп эсептелет. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде иероглифтер алгач байыркы мезгилде Хуанхэнин '''''('''''Сары-Дарыя) жээгинде жашаган “хуасия” деген уруулар тарабынан ойлоп табылып, ал система узак убакыт бою өнүгүү процессинде акырындык менен калыптанган. | ||
[[Файл:Кытай жазуусу.jpg|alt=Кытай жазуусу|border|left|thumb|Кытай жазуусу]] | |||
Кытай жазуусу – Египет иероглифи, Шумер шынаасы, Майя жазуусу менен бирге дүйнөлүк байыркы өз алдынча төрт жазуунун бири катары жалгыз фоно-идеографиялык жазуу болуп таанылат. Ошол эле учурда адамзат тарыхындагы узак убакыт бою байыркы Египет, Шумер, Майя, Вавилон, Индияда үзгүлтүксүз жана кеңири колдонулуп, кийин жок болуп (өлүү) кеткен иероглиф, шынаа, брахма ж.б. сыяктуу жазуулардын катарына кирет. Азыркы учурда кытай жазуусу (иероглифи) салттуу жана жөнөкөйлөштүрүлгөн деген болжолдуу эки стандарт аркылуу каралат. Салттуу иероглифтер негизинен Тайвань, Гонконг жана Макаодо колдонулат. Жөнөкөйлөштүрүлгөн иероглифтер Кытайдын материк бөлүгүндө 1950-жылдары түзүлүп, кийинчерээк кытай калкы көп жашаган Сингапур жана Малайзия сыяктуу чет өлкөлөрдө кабыл алынган. Кытай жазуусу азыркы учурда Кытай Эл Республикасынан тышкары Сингапурда расмий жазуу тили болуп саналат. Эл аралык көпчүлүк уюмдар (мисалы, Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.) да иш кагаздарын жазууда ушул жазууну колдонушат жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2758-резолюциясына (1971) ылайык “бирдиктүү Кытай" саясатынын алкагында жөнөкөйлөштүрүлгөн иероглифтер расмий жазуу тили катары кабыл алынган. 21-кылымдын башында Кытайдын өнүгүшү менен көпчүлүк өлкөлөрдөгү чет элдиктер азыр кытай тилин үйрөнүүдө негизинен жөнөкөйлөштүрүлгөн иероглифтерди колдонушат. Кытай тарыхында иероглифтер алардын негизги жазуусу саналып, узак мезгилден бери Чыгыш Азияда эл аралык деңгээлде колдонулган жалгыз жазуу катары кызмат кылат. Кытай жазуусунун пайда болуу жана өнүгүү тарыхын изилдөө бүгүнкү күнгө чейин уланууда. | |||
Рисунок 1<b type="title">КЫТАЙ ЖАЗУУСУ</b> – сөз же морфемаларды туюнтуу үчүн [[иероглиф]]тер пайдаланылган жа­зуу. Иероглифтер б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто | |||
ченинде пайда болгон. Б. з. 1-кылымында иероглиф­терди жазуунун азыркыдай стили – к а й ш у («үлгү жазуу») иштелип чыккан. Кытай жазуусундагы | ченинде пайда болгон. Б. з. 1-кылымында иероглиф­терди жазуунун азыркыдай стили – к а й ш у («үлгү жазуу») иштелип чыккан. Кытай жазуусундагы | ||
07:13, 27 Апрель (Чын куран) 2026 -деги абалы
КЫТАЙ ЖАЗУУСУ – иероглиф (логографиялык) түрүндө колдонулган жазуу системасы. Иероглифтердин жаралышы б.з.ч. 3-миң жылдыкта жашаган мифологиялык император Хуандинин катчысы Цан Цзеге таандык болуп эсептелет. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде иероглифтер алгач байыркы мезгилде Хуанхэнин (Сары-Дарыя) жээгинде жашаган “хуасия” деген уруулар тарабынан ойлоп табылып, ал система узак убакыт бою өнүгүү процессинде акырындык менен калыптанган.

Кытай жазуусу – Египет иероглифи, Шумер шынаасы, Майя жазуусу менен бирге дүйнөлүк байыркы өз алдынча төрт жазуунун бири катары жалгыз фоно-идеографиялык жазуу болуп таанылат. Ошол эле учурда адамзат тарыхындагы узак убакыт бою байыркы Египет, Шумер, Майя, Вавилон, Индияда үзгүлтүксүз жана кеңири колдонулуп, кийин жок болуп (өлүү) кеткен иероглиф, шынаа, брахма ж.б. сыяктуу жазуулардын катарына кирет. Азыркы учурда кытай жазуусу (иероглифи) салттуу жана жөнөкөйлөштүрүлгөн деген болжолдуу эки стандарт аркылуу каралат. Салттуу иероглифтер негизинен Тайвань, Гонконг жана Макаодо колдонулат. Жөнөкөйлөштүрүлгөн иероглифтер Кытайдын материк бөлүгүндө 1950-жылдары түзүлүп, кийинчерээк кытай калкы көп жашаган Сингапур жана Малайзия сыяктуу чет өлкөлөрдө кабыл алынган. Кытай жазуусу азыркы учурда Кытай Эл Республикасынан тышкары Сингапурда расмий жазуу тили болуп саналат. Эл аралык көпчүлүк уюмдар (мисалы, Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.) да иш кагаздарын жазууда ушул жазууну колдонушат жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2758-резолюциясына (1971) ылайык “бирдиктүү Кытай" саясатынын алкагында жөнөкөйлөштүрүлгөн иероглифтер расмий жазуу тили катары кабыл алынган. 21-кылымдын башында Кытайдын өнүгүшү менен көпчүлүк өлкөлөрдөгү чет элдиктер азыр кытай тилин үйрөнүүдө негизинен жөнөкөйлөштүрүлгөн иероглифтерди колдонушат. Кытай тарыхында иероглифтер алардын негизги жазуусу саналып, узак мезгилден бери Чыгыш Азияда эл аралык деңгээлде колдонулган жалгыз жазуу катары кызмат кылат. Кытай жазуусунун пайда болуу жана өнүгүү тарыхын изилдөө бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Рисунок 1КЫТАЙ ЖАЗУУСУ – сөз же морфемаларды туюнтуу үчүн иероглифтер пайдаланылган жазуу. Иероглифтер б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто
ченинде пайда болгон. Б. з. 1-кылымында иероглифтерди жазуунун азыркыдай стили – к а й ш у («үлгү жазуу») иштелип чыккан. Кытай жазуусундагы

жалпы белгилердин саны болжол м-н 50 миң. Азыркы кытай тилинде анын 4–7 миңи пайдаланылат. Кытай салтында иероглифтер 6 категорияга бөлүнөт. Азыр аларды 3 топко ажыратышат: 1) п и к т о г р а м м а л а р м-н и д е ог р а м м а л а р. Буларга байыркы жөнөкөй белгилер кирет; 2) ф о н о г р а м м а л а р (иероглифтердин көбү) – сөздүн маанисин ж-а айтылышын туура табууга жардам берүүчү «ачкычы» бар татаал белгилер; 3) «кабыл алынган» и ерогли фт ер – му рда бел ги л үү би р түшүнүктү туюнтуу үчүн колдонулуп, кийин башка сөздү белгилөө үчүн пайдаланылып калган иероглифтер.