БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1-сап: 1-сап:
'''БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ '''Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору м-н курчалган. Кара-Саз, Буркан ж-а Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 ''км,'' эң жазы жери 7 ''км.'' Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700-3400 ''м''. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди ж-а бийик кашаттар м-н Арчалы суу­сунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу ж-а плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча - грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы -13...-14°С, жайы салкын, июл­дуку 8-9°С. Жылдык жаан-чачыны 300-400 ''мм.'' Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз ж-а Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык ж-а арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
'''БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ '''Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 ''км,'' эң жазы жери 7 ''км.'' Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700–3400 ''м''. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди жана бийик кашаттар менен Арчалы суу­сунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу жана плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча – грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы –13...–14°С, жайы салкын, июл­дуку 8–9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 ''мм.'' Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз жана Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык жана арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]

21 апрель 2026, саат 04:53 учурдагы соңку нуска

БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700–3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди жана бийик кашаттар менен Арчалы суу­сунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу жана плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча – грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы –13...–14°С, жайы салкын, июл­дуку 8–9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз жана Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык жана арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.