БАНГЛАДЕШ мамлекетинин тарыхына кошумча.: нускалардын айырмасы
м (→top: категория кошуу) |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
Анын демилгеси менен 1972- | Анын демилгеси менен 1972-жылы Бангладеште социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып, анда экономиканын негизги тармактарын улутташтыруу, мамлекеттик секторду өнүктүрүү жана агрардык реформа программалары камтылган. Жер реформасы жүргүзүлүп, 10 млн качкындын көйгөйү чечилген. Жаңы армия түзүлүп, ачкачылык алдын алынган. Өлкөгө баштапкы билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. социалдык маселелерди чечүү боюнча атайын программалар кабыл алынган. Ошондй эле ислам топторунун талабы боюнча спирт ичимдиктерине жана кумар оюндарына тыюу салынган. 1972-жылдын аягында өлкөнүн Конституциясы күчүнө кирип, көп партиялуу система (30дан ашуун саясий партия катышкан) орногон.
1974-жылы жайында өлкөдө болгон суу ташкыны түшүмдүн 80%тин жууп кетип, массалык ачкачылыкка алып келген. Суу ташкынынан 2000 адам өлүп, миллиондогон адамдар жабыркаган. Мунайдын дүйнөлүк баасынын кескин жогорулашынан өлкөдө инфляция күчөгөн. 1975-жылдын аягында өкмөт кулатылып, Муджибур Рахман өлтүрүлгөн. 1976-жылы ноябрда бийлик армияга биротоло өтүп, 1977-жылы апрелде генерал Зияур Рахман өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1978-жылы сентябрда З. Рахман башында турган Б. улутчул партиясы түзүлгөн. Муджибур Рахмандын кызы Хасина Вазед жетектеген Авами лигасы партиясы З. Рахмандын режимин кулатуу үчүн күрөшү күчөгөн. 1990-жылы студенттердин демонстрациясы менен оппозициянын кысымынан генерал Эршаддын аскердик өкүлдөрү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. 1991-жылы февралда өткөн шайлоодо президент Рахмандын жесири Халеда Зия Рахман баштаган Б. улутчул партиясы жеңишке ээ болгон. 1991-жылы августта парламенттик башкаруу системасын киргизген. 1996-жылдын июнь айында болгон жаңы шайлоолор Авами лигасын бийликке алып келген. Муджибур Рахмандын солчул-центристтик саясий принциптерин туруктуу колдогон Хасина Вазед 2008-жылы кайрадан жеңишке жетип, бийликке келген. Ал 2014-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, өз бийлигин улантууда. | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] | [[Категория:Жаңы макалалар]] | ||
10:49, 10 Апрель (Чын куран) 2026 -деги абалы
Анын демилгеси менен 1972-жылы Бангладеште социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып, анда экономиканын негизги тармактарын улутташтыруу, мамлекеттик секторду өнүктүрүү жана агрардык реформа программалары камтылган. Жер реформасы жүргүзүлүп, 10 млн качкындын көйгөйү чечилген. Жаңы армия түзүлүп, ачкачылык алдын алынган. Өлкөгө баштапкы билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. социалдык маселелерди чечүү боюнча атайын программалар кабыл алынган. Ошондй эле ислам топторунун талабы боюнча спирт ичимдиктерине жана кумар оюндарына тыюу салынган. 1972-жылдын аягында өлкөнүн Конституциясы күчүнө кирип, көп партиялуу система (30дан ашуун саясий партия катышкан) орногон.
1974-жылы жайында өлкөдө болгон суу ташкыны түшүмдүн 80%тин жууп кетип, массалык ачкачылыкка алып келген. Суу ташкынынан 2000 адам өлүп, миллиондогон адамдар жабыркаган. Мунайдын дүйнөлүк баасынын кескин жогорулашынан өлкөдө инфляция күчөгөн. 1975-жылдын аягында өкмөт кулатылып, Муджибур Рахман өлтүрүлгөн. 1976-жылы ноябрда бийлик армияга биротоло өтүп, 1977-жылы апрелде генерал Зияур Рахман өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1978-жылы сентябрда З. Рахман башында турган Б. улутчул партиясы түзүлгөн. Муджибур Рахмандын кызы Хасина Вазед жетектеген Авами лигасы партиясы З. Рахмандын режимин кулатуу үчүн күрөшү күчөгөн. 1990-жылы студенттердин демонстрациясы менен оппозициянын кысымынан генерал Эршаддын аскердик өкүлдөрү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. 1991-жылы февралда өткөн шайлоодо президент Рахмандын жесири Халеда Зия Рахман баштаган Б. улутчул партиясы жеңишке ээ болгон. 1991-жылы августта парламенттик башкаруу системасын киргизген. 1996-жылдын июнь айында болгон жаңы шайлоолор Авами лигасын бийликке алып келген. Муджибур Рахмандын солчул-центристтик саясий принциптерин туруктуу колдогон Хасина Вазед 2008-жылы кайрадан жеңишке жетип, бийликке келген. Ал 2014-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, өз бийлигин улантууда.