ДУЛУ-ХАН: нускалардын айырмасы
(Created page with "'''ДУЛУ-ХАН''' – Батыш Түрк кагандыгынын ханы (638–653). Узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында Түрк кагандыгы 603-жылы Батыш жана Чыгыш кагандыктарга ажырап, Батыш Түрк кагандыгынын ханы (618–630) Тон-жабгунун тушунда Орто Азия, анын ичинде Жет...") |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУЛУ-ХАН''' | '''ДУЛУ-ХАН''' – Батыш Түрк кагандыгынын ханы (638–653). Узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында Түрк кагандыгы 603-жылы Батыш жана Чыгыш кагандыктарга ажырап, [[Батыш Түрк кагандыгы]]нын ханы (618–630) Тон-жабгунун тушунда [[Орто Азия]], анын ичинде [[Жети-Суу]] (азыркы [[Кыргызстан]], [[Казакстан]]), Фергана, Чыгыш Түркстандын батышы, ошондой эле [[Алтай]]дан [[Сыр-Дарыя]]га; түндүктө – [[Иртыш]]тан Түштүк Урал – Итилге ([[Волга]]) чейинки аймактар карап калган. Бирок Тон-жабгу өлтүрүлгөндөн кийин [[он ок уруулары]] экиге бөлүнүп, 634-жылы чыгыштагы нушиби уруулары Иби Шаболо Шехуну (Л. Гумилёв боюнча Ышбара Эльтериш) хан көтөрүшкөн. Аларга каршы 638-жылы батыш түрк уруулары ([[дулулар]]) Иби Дулу-хан деген ат менен (пиньинь: «yipiduolukehan», палл.: «Ипидолу кэхань») Юйгу Шени хан шайлап, ал Иби Шаболо Шехуга (Бичурин боюнча Хилиши) каршы согуш ачат. Бирок согуштан эч майнап чыкпай, кийин бул экөө Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, аталган өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Ушундан тартып Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнөт жана Дулу-хан өз ордосун «Цзихэ» (Tsou-ho) тоосунун батышына көчүрүп, аны «түндүктөгү ордо» деп атаган. Француз чыгыш таануучусу Жозеф де Гинь (Joseph de Guignes, 1721–1800) аны азыркы Тараз шаарына жакын жер экенин көрсөтөт. «Цзихэни»батыштагы дулу уруулары Иби Дулу-хан деген аталыш менен Юйгу Шени такка отургузушкан. Натыйжада дулу жана нушиби урууларынын ортосунда согуш чыгып, эки тарап тең чоң жоготууларга учураган жана 638-жылы Иле дарыясынын боюнда эки тараптуу келишим түзүүгө аргасыз болушкан. Ушул жылдан баштап Батыш түрк кагандыгы экиге ажырап, өз ордосун Цзухэ тоосунун (Ж. Дегиндин пикиринде азыркы) батышына орнотуп, аны түндүктөгү ордо деп атаган. ордосун Цзухэ тоосунун батышына орноткон. Бийликке келгенден кийин үчүн тынымсыз жүрүштөргө чыккан. Иби Шаболо хан 639-жылы бийликтен кулап, сүргүндө каза болгон. 638–641-жылдар аралыгында Дулу-хан Бома, Сяоми, Гйегу [Байыркы Кытайдын жазма тарыхы (''Тан-шу'') боюнча Цзегу, Хягас] ж. б. көптөгөн ээликтерди (мамлекет) өз бийлигине караткан. | ||
05:21, 10 Апрель (Чын куран) 2026 -деги абалы
ДУЛУ-ХАН – Батыш Түрк кагандыгынын ханы (638–653). Узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында Түрк кагандыгы 603-жылы Батыш жана Чыгыш кагандыктарга ажырап, Батыш Түрк кагандыгынын ханы (618–630) Тон-жабгунун тушунда Орто Азия, анын ичинде Жети-Суу (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, Чыгыш Түркстандын батышы, ошондой эле Алтайдан Сыр-Дарыяга; түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал – Итилге (Волга) чейинки аймактар карап калган. Бирок Тон-жабгу өлтүрүлгөндөн кийин он ок уруулары экиге бөлүнүп, 634-жылы чыгыштагы нушиби уруулары Иби Шаболо Шехуну (Л. Гумилёв боюнча Ышбара Эльтериш) хан көтөрүшкөн. Аларга каршы 638-жылы батыш түрк уруулары (дулулар) Иби Дулу-хан деген ат менен (пиньинь: «yipiduolukehan», палл.: «Ипидолу кэхань») Юйгу Шени хан шайлап, ал Иби Шаболо Шехуга (Бичурин боюнча Хилиши) каршы согуш ачат. Бирок согуштан эч майнап чыкпай, кийин бул экөө Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, аталган өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Ушундан тартып Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнөт жана Дулу-хан өз ордосун «Цзихэ» (Tsou-ho) тоосунун батышына көчүрүп, аны «түндүктөгү ордо» деп атаган. Француз чыгыш таануучусу Жозеф де Гинь (Joseph de Guignes, 1721–1800) аны азыркы Тараз шаарына жакын жер экенин көрсөтөт. «Цзихэни»батыштагы дулу уруулары Иби Дулу-хан деген аталыш менен Юйгу Шени такка отургузушкан. Натыйжада дулу жана нушиби урууларынын ортосунда согуш чыгып, эки тарап тең чоң жоготууларга учураган жана 638-жылы Иле дарыясынын боюнда эки тараптуу келишим түзүүгө аргасыз болушкан. Ушул жылдан баштап Батыш түрк кагандыгы экиге ажырап, өз ордосун Цзухэ тоосунун (Ж. Дегиндин пикиринде азыркы) батышына орнотуп, аны түндүктөгү ордо деп атаган. ордосун Цзухэ тоосунун батышына орноткон. Бийликке келгенден кийин үчүн тынымсыз жүрүштөргө чыккан. Иби Шаболо хан 639-жылы бийликтен кулап, сүргүндө каза болгон. 638–641-жылдар аралыгында Дулу-хан Бома, Сяоми, Гйегу [Байыркы Кытайдын жазма тарыхы (Тан-шу) боюнча Цзегу, Хягас] ж. б. көптөгөн ээликтерди (мамлекет) өз бийлигине караткан.