БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕКБОЕВ''' Мэлс Сагыналиевич (20. 11. 1952, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], Фрунзе облусу, Кызыл-Аскер (азыркы Сокулук) району, [[Арчалы айылы]] – 02. 04. 2016, Бишкек шаары) – генерал-майор (2004). [[Алматы]] шаарындагы ко­мандалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атындагы аскердик академияны (1997), [[Россия Федерациясы]]нын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүтүргөн. 1981–1983-жылдары 177-өзүнчө атайын күчтөр отрядынын курамында [[Афганстан]] Демократиялык Республикасындагы согуш операцияларына катышкан. | '''БЕКБОЕВ''' Мэлс Сагыналиевич (20. 11. 1952, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], Фрунзе облусу, Кызыл-Аскер (азыркы Сокулук) району, [[Арчалы айылы]] – 02. 04. 2016, Бишкек шаары) – генерал-майор (2004). [[Алматы]] шаарындагы ко­мандалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атындагы аскердик академияны (1997), [[Россия Федерациясы]]нын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүтүргөн. 1981–1983-жылдары 177-өзүнчө атайын күчтөр отрядынын курамында [[Афганстан]] Демократиялык Республикасындагы согуш операцияларына катышкан. | ||
[[Файл:Изображение 2026-04-07 070910616.png|left|thumb]] | [[Файл:Изображение 2026-04-07 070910616.png|left|thumb]] | ||
01:10, 7 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич (20. 11. 1952, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Кызыл-Аскер (азыркы Сокулук) району, Арчалы айылы – 02. 04. 2016, Бишкек шаары) – генерал-майор (2004). Алматы шаарындагы командалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атындагы аскердик академияны (1997), Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүтүргөн. 1981–1983-жылдары 177-өзүнчө атайын күчтөр отрядынын курамында Афганстан Демократиялык Республикасындагы согуш операцияларына катышкан.

1983–1986-жылдары аба-десанттык бригадасында батальондун командири, 1986–1990-жылдары Кыргыз ССРинин Нарын шаары жана Ак-Талаа районунда аскер комиссары. 1990–1998-жылдары өзүнчө батальондун командири (Нарын шаары), 282-гвардиялык мотоаткычтар полкунун жана Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командиринин орун басары (Чүй облусу). 1998–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, 2002-жылдан 2004-жылга чейин ал Фрунзе атындагы Аскер академиясында жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскер академиясында окуган. 2004–2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги, Коргоо министринин биринчи орун басары. Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата Мекенине кызмат кылгандыгы үчүн», 2-(1999), 3-даражадагы (2000) Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.